Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:31

Ирандын тышкы иштер министри АКШны өзөктүк келишимге кайтууга үндөдү


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф расмий Вашингтонду 2015-жылдагы өзөктүк келишимге кайтуу үчүн ыкчам аракеттенүүгө үндөдү. Бул тууралуу анын 6-февралда Иран гезитинде жарыяланган маегинде белгиленди. Зариф америкалыктар үчүн "парламенттин мыйзам долбоору жана Ирандын Жаңы жылынан кийинки шайлоо өнөктүгүнүн маанайы үчүн да" убакыт тар болуп жатканын айтты.

Ирандын жаңы жылы – Нооруз 21-мартта башталат, ал эми шайлоо июнда болот. Зариф ошондой эле декабрь айында парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдар АКШнын чектөөлөрү 21-февралга чейин жеңилдетилбесе, анда ирандык өкмөттү өзүнүн өзөктүк маселе боюнча турумун алда канча катаалдатууга мажбурлайт, деди.

"Америка канчалык создуктурса, ошончолук өзү үчүн жоготот", – деп Зариф “Хамшахри” гезитине курган маегинде эскертти.

"Бизге сүйлөшүү жайына кайтып баруунун кажети жок. Сүйлөшүүгө келүү үчүн билет табышы керек болгон тарап – бул Америка", – деди ал.

Мурдагы президент Доналд Трамп АКШны 2018-жылы Иран менен дүйнөлүк ири мамлекеттердин ортосундагы өзөктүк келишимден чыгарып, Иранга каршы санкцияларды бир тараптуу калыбына келтире баштаган.

Буга жооп иретинде Тегеран келишимдин айрым бөлүктөрүн акырындык менен бузуп, эми бул келишимге байланбай калгандыгын билдирген.

Учурда президент Жо Байдендин жаңы өкмөтү алиги өзөктүк келишимге кайтуунун жолдорун издөөдө. Эгерде Тегеран келишим талаптарын кыйшаюусуз аткарууга кайтып келчү болсо, анда Вашингтон дагы ошол нукка кайтат, деп Байден жакында баса айтты. (TT)

XS
SM
MD
LG