Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Иракта Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгын эскеришти


Ирактык аял ирактык колбашчы, маркум Абу Махди ал-Мухандис менен ирандык кол башчы, маркум Касем Сулайманинин сүрөтү тартылган көрнөктү көтөрүп турат. Багдад аба майданы. 2021-жылдын 2-январы.
Ирактык аял ирактык колбашчы, маркум Абу Махди ал-Мухандис менен ирандык кол башчы, маркум Касем Сулайманинин сүрөтү тартылган көрнөктү көтөрүп турат. Багдад аба майданы. 2021-жылдын 2-январы.

3-январда Ирак башкалаасынын борбордук аянтына чогулган миңдеген киши былтыр ушул күнү болгон окуяларды эскеришти.

АКШнын дрону 2020-жылы 3-январда Ирактын Багдад аба майданынын жанына урган соккудан ирандык генерал, Кудс тандалма аскер бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани, Ирактын Тегеран менен байланыштагы таасирдүү куралдуу кошуунунун жетекчиси Абу Махди ал-Мохандис жана дагы сегиз киши каза тапкан.

Жекшембиде Тахрир аянтына топтолгон демонстранттар ошол чабуулдан курман болгондордун сүрөттөрүн кармап турушту. АКШга каршы ураандар, америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу чакырыктары жаңырып жатты.

Ишембиде (2-январда) кечинде миндеген киши Багдад аба майданына кетчү жол менен жүрүшкө чыгышты. АКШнын дрону тийген жер кызыл тасма менен курчалып, анда Сулеймани жана ал-Мохандистин сүрөттөрү орнотулган. Чогулгандар ал жакта шам жагып маркумдарды эскеришти.

"Сулеймани жана ал-Мохандис Кошмо Штаттар үчүн абдан кубаттуу адамдар болчу. Бардык душмандарынан кутулууну көздөп, эки кол башчыны жок кылышты. Биз алардын шейит кеткенин эч качан унутпайбыз", - деди Багдад тургундарынын бири.

Генерал Сулайманинин өлтүрүлүшү Вашингтон менен Тегерандын ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кетет деген чочулоого жем таштаган.

Тараптардын тиреши АКШ президенти Доналд Трамп 2018-жылы Иран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимден чыгып кетип, экономикалык санкциялар калыбына келтириле баштагандан кийин күчөгөн.

62 жаштагы Сулеймани Революция сакчылары корпусунун тандалма бөлүгүн жетектеген белгилүү кол башчы болчу. Аны Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы таасирин жайылткан киши деп аташчу.

Вашингтон Сулеймани ирактык кошуун аркылуу региондогу америкалык аскерлерге каршы чабуулдарды уюштуруп келген деп эсептейт. Трамп ал ирандык киши “бир нече убакыттын ичинде миндеген америкалыкты өлтүргөн же жарадар кылган, дагы көптөгөнүн жок кылууну көздөгөн” деп бир жыл мурун "Твиттерге" жазган.

Тегеран кол салууга жооп иретинде 2020-жылы 8-январда АКШнын Ирактагы аскердик базасын ракетадан аткылаган. Көп узабай ирандык аскерлер “Украина Эл аралык аба жолдору” компаниясынын "Боинг" лайнерин Тегеран аба майданынан Киевге учуп чыккан жеринен атып түшүрүшкөн. Борттогу бардык 176 киши, арасында ирандык 82, канадалык 63 жаран набыт кеткен. Кийин Тегеран учакты “жаңылыш” атып алганын моюнга алган.

Генерал Сулайманини бир нече күндөн бери мекенинде - Иранда да эскерип жатышат. Тегерандын көчөлөрүндө маркумдун сүрөтү түшүрүлгөн көрнөктөр илинди.

Окуялардын бир жылдыгын утурлай Иракта, өзгөчө Багдаддагы “Жашыл аймак” деп аталган өкмөттүк мекемелер менен чет элдик элчиликтер жайгашкан райондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Буга чейин америкалык расмий адамдар тарабынан Иран же алар менен байланыштагы ирактык кошуундар өч алышы ыктымал деген жоромолдор айтылып келди.

2-январда Иран Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф президент Трампты Израилдин “тузагына” түшпөөгө чакырды.

“Ирактан түшкөн жаңы чалгын маалыматтар көргөзгөндөй, Израилдин чагымчыл тыңчылары америкалыктарга чабуулдарды даярдап жатышат. Муну менен алар президент Трампты согуштук аракетти актаган абалга түртүп жатышат”, - деп Зариф "Твиттерге" жазды.

3-январда Израилдин расмий өкүлү анын өлкөсү "алдап туруп, Иранга каршы согуш тутанткысы келет" деген маалыматты четке какты.
Израилдин улуттук инфратүзүм, отун министри Ювал Штайниц жекшембиде жергиликтүү радиого курган маегинде Сулейманинин набыт кетишинин бир жылдыгында Ирандын ыктымал соккусунан, тескерисинче, Израиль өзү кооптонушу керек деп билдирди. (AA)

XS
SM
MD
LG