Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

Пакистанда өкмөт башчыга каршы жыйынга миңдеген киши катышты


Пакистандын Лахор шаарында өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган жыйын өттү. 13-декабрь, 2020-жыл.
Пакистандын Лахор шаарында өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган жыйын өттү. 13-декабрь, 2020-жыл.

Пакистандын экинчи чоң шаары Лахордо премьер-министр Имран Хандын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйынына миңдеген кишилер чогулду.

Ушуну менен Ханга жана анын партиясы «Техрик-и Инсааф» партиясына каршы демонстрация алтынчы жолу өттү.

Пакистан демократиялык кыймылына кирген тогуз партия эки жыл мурун өткөн шайлоонун жыйынтыгын "Техрик-и Инсааф" партиясынын пайдасына бурмалашты деп өлкөнүн куралдуу күчтөрүн айыптап келет.

Оппозиция лидерлери мурда үч жолу өкмөттү башкарган Наваз Шариф да чогулгандардын алдына чыгарына үмүттөнүп жатышат. Буга чейин Шариф 2018-жылы өткөн шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганы үчүн армияны айыптаган билдирүү жасаган.

Шариф «киреше булактарында көргөзүлбөгөн баалуу кагаздарга ээлик кылган» жана «арам акчаны адалдаган» деген айып менен 2017-жылы жети жылга түрмөгө кесилген. Бир жыл мурда ал дарылануу үчүн Лондонго чыгып кеткен.

Өкмөт башчы Имран Хан оппозиция лидерлерин чет элдик эсептерге мыйзамсыз акча которуу менен алектенишкен деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG