Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Пакистан Кыргызстандын төрт окуу жайын кара тизмеден чыгарды


Кыргызстанда билим алган индиялык жана пакистандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда билим алган индиялык жана пакистандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык билим берген окуу жайларынын ичинен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, Ош мамлекеттик университетин, Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Эл аралык жогорку медициналык мектебин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында (pmc.gov.pk) кабарланды.

Анда бул төрт окуу жайы дүйнөнүн 400дөй университетинин катарында жашыл тизмеге киргени көрүнүп турат. Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды. Ал тизмеде башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери жок.

Октябрдын соңунда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизген. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайларынын ректорлору менен талкуулап, мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9000ден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык жогорку медициналык мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG