Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:44

Пакистан: Түндүк Вазиристанда төрт куруучу өлтүрүлдү


Түндүк Вазиристандагы бири-бирине кастарын тиккен эки урууну элдештирүүнү талап кылган жыйындын катышуучулары. Пакистан. 2020-жылдын 23-ноябры.
Түндүк Вазиристандагы бири-бирине кастарын тиккен эки урууну элдештирүүнү талап кылган жыйындын катышуучулары. Пакистан. 2020-жылдын 23-ноябры.

Пакистандын ар кыл этностогу уруулар жашаган Түндүк Вазиристан аймагында курулушта иштеп жаткан төрт куруучу өлтүрүлдү. Окуя Мирали шаарынын жанында болгон. Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн инженердик бригадасында иштеп жаткан алты адамды атып кетишкен.

Түндүк Вазиристандын полициясынын башчысы Шафиулла Гандапур учурда аталган район курчалып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирди.

Ооганстан менен чектешкен бул аймакта өкмөттүк кызматкерлерге кол салуулар көп катталат. Быйыл жыл башынан бери эле 40тай кол салуу учуру болгон.

Түндүк Вазиристан 2014-жылга чейин жергиликтүү жана чет элдик жоочулардын очогу болчу. Кийин Пакистан армиясы бул аймакты жоочулардан тазалоо боюнча атайын коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган.

Пакистандын армиясы жеңишке жетишкенин шардана кылгандыгына карабастан, бул аймакта зомбулук аракеттер, атайылап киши өлтүрүп кетүү, жолго жардыргыч зат коюу сыяктуу окуялар орун алып келет.

XS
SM
MD
LG