Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору коронавируска каршы алгачкы вакцинаны кеңири колдонууга сунуштады


Ковентри шаарындагы оорукананын медайымы Pfizer жана BioNTech вакцинасын кармап турат. Улуу Британия. 2020-жылдын 8-декабры.
Ковентри шаарындагы оорукананын медайымы Pfizer жана BioNTech вакцинасын кармап турат. Улуу Британия. 2020-жылдын 8-декабры.

АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун кеңеш берүү комиссиясы 12-декабрдагы чечими менен коронавируска каршы алгачкы вакцинаны кеңири колдонуу үчүн сунуштады. Эмдөө тажрыйбасы боюнча кеңеш берүү комитети (The Advisory Committee on Immunization Practices; ACIP) америкалык Pfizer компаниясы менен германдык BioNTech компаниясы биргелешип чыгарган вакцинаны 16 жаштан жогорку америкалыктарга эмдөө үчүн колдонууга уруксат берди. 11 адистин бардыгы бир ооздон бул сунушту колдошту.

Эми АКШнын тарыхында алгачкы жолу эң ири өлчөмдөгү эмдөө иш-аракети башталуусу үчүн жол ачылды.

Көз карандысыз адистер да курамына камтылган АКШнын өкмөттүк комиссиясы жума күнү (10-декабрда) америкалык Pfizer жана германдык BioNTech компаниялары биргелешип Covid-19 илдетине каршы даярдаган вакцинаны чукул кырдаалда колдонууга уруксат кылган.

АКШнын мамлекеттик жана жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери өлкөнүн Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун кеңеш берүү комиссиясы менен Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл мекемеси жарыялаган көрсөтмөнү өздөрү үчүн жолдомо катары кабыл алууга тийиш. Эми федералдык өкмөт вакцинанын алгачкы 2,9 миллион дозасын өлкөдөгү жер-жерлерге таркатууга киришти.

Буга чейин эле Эмдөө тажрыйбасы боюнча кеңеш берүү комитети тарабынан вакцина менен эмделчүлөрдүн алгачкы тобуна дарыгерлер жана карылар үйүндө жашоочулар киргизилиши керектиги сунушталган болчу.

Андан соң штаттар жана ири шаарлар жергиликтүү ооруканалар менен жеке менчик дарылоо жайларына вакцина дозаларын өз алдынча тарката башташат. АКШдагы ооруканалардын кызматкерлерин эмдөө 14-декабрдан (дүйшөмбүдөн) башталуусу күтүлөт.

АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун кеңеш берүү комиссиясы боюнда бар аялдар жана олуттуу аллергиясы бар бейтаптар үчүн өзгөчө мамиле керектиги тууралуу талкуу кылды, бирок аларды эмдөө жаатында добуш берилген жок.

Боюнда бар аялдар өз дарыгерлери менен кеңешип жана өз эрки менен гана эмделиши мүмкүн экендиги айтылды. Ал эми аллергиясы барлар азыркы баскычта эмделбей тургандыгы оң болоору эскертилди.

АКШда бул вакцинага алдын ала 100 миллиондой доза үчүн буюртма тапшырылган. Бул дары эки жолудан эмделиши керек, демек, ал 50 миллиондой кишиге жетет.

Президенттикке шайланган демократ Жо Байден 2021-жылдын январында бийликке келген соң, 100 күндүн ичинде 100 миллион кишини коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууга убада кылды.

Pfizer жана BioNTech вацинасы менен эмдөөгө алгачкы болуп Улуу Британия уруксат берди. 8-декабрда бул өлкөдө эмдөө башталды. Алгачкы болуп Ковентри шаарындагы 91 жаштагы чоң эне эмделгени кабардалды. Улуу Британия алгач 20 миллион кишиге жете тургандай вакцинанын 40 миллион дозасын сатып алууга буюртма берди.

Дүйнөдө башка да (орусиялык, кытайлык ж.б.) вакцина түрлөрү сунушталууда жана айрымдары иштелип чыгууда.

XS
SM
MD
LG