Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Орусия: Вакцинаны сыноого кыргыз мигранттары да катышып жатат


Вакцина сыноолоруна катышкан аял, Тюмень, декабрь 2020-жыл
Вакцина сыноолоруна катышкан аял, Тюмень, декабрь 2020-жыл

Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө жарыяланды. Вакцина сыноолоруна катышкан кыргызстандыктар да бар. 

2-декабрда Британия Батыш өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары чыгарган вакцинаны колдонууга уруксат берип, коронавируска каршы жапырт эмдөө жакын арада башталарын жарыялаган.

Ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен онлайн жыйында 7-декабрдан тартып өлкөдө масштабдуу вакцинацияны баштоону тапшырган. Ал «Спутник V» вакцинасынын 168 миң дозасы гана даярдыгын айткан вице-премьер Татьяна Голиковага бир жумада эки миллион доза вакцина даярдоону тапшырган.

«Сиз эмки жумада мага баяндама даярдоонун ордуна жапырт эмдөөнү баштайсыз, макулбу? Күндө маалымат бересиңер, келгиле, биз масштабдуу иш баштайлы».

Путиндин буйругунан кийин Москвага жана анын чет жакасындагы 70 ооруканага вакцина таркатылган. Биринчилерден болуп мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер эмделе баштаган.

Москва мэри Сергей Собянин 5-декабрда беш саатта эле эмдөөгө 5 миң адам катталганын айтып, шаарда кеминде 6-7 миллион кишини эмдөө зарылдыгын белгилеген.

Орус бийлиги коронавируска каршы үч вакцина иштеп чыкканын кабарлап келет. «Спутник V» вакцинасынан тышкары «Вектор» илимий борбору «ЭпиВакКорона» вакцинасын ойлоп тапкан. Экөө тең сыноонун бардык баскычтарынан өтүп бүтө электе эле каттоого алынып, эл аралык жана орусиялык адистердин сынына кабылган.

Үчүнчү вакцина – Чумаков атындагы борбордун препараты. Ал азыр үч сыноонун экинчисинен өтүп жатат.

Жапырт эмдөө жарыялангандан бери Орусияда канча кишиге «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасы сайылганы расмий айтыла элек. Эмдөө 21 күн аралыгы менен эки жолу жасалат.

«Азаттыктын» орус кызматы Москвада улам жаңы вакцинация борбору ачылып, жапырт эмдөөгө даярдыктар кеңири жүрүп жатканы менен Орусиянын аймактарына вакцина жетпей жатканын жазды. Мисалы, беш миллиондон ашуун киши жашаган Санкт-Петербургга 2 миңдей доза вакцина, ал эми Калининград шаарына 42 доза вакцина жеткен.

Сыноолорго катышкан кыргызстандыктар

Ошол эле кезде орус вакциналарынын клиникалык сыноолоруна миңдеген адамдар ыктыярдуу түрдө катышканы маалым. Арасында эмдөөдөн кийин дене табы көтөрүлүп, өзүн алсыз сезгендер да болгон.

Москвада вакцинаны сыноого катышкандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Маектешибиз Москвадагы бир ооруканада реаниматолог болуп иштеген 58 жаштагы күйөөсү өз ыктыяры менен «Спутник V» вакцинасын сайдырганын баяндап берди:

"Бардык кызматкерлерге «каалоочулар катышкыла» деген билдирүү жөнөтүлүптүр. Буга бир ай болуп калды. Биринчи дозасын сайдырып, эки жумадан кийин кайра экинчисине барган. Биринчисинде 5-6 сааттай алсырап, бир кызыктай болгон. Кийинкисинде эч нерсе деле сезген жок. Акыркы тестинин жыйынтыгы – коронавируска антиденече пайда болгону же болбогону ушул жумада чыгышы керек. Жолдошум өзү төрт ай «кызыл зонада» коронавирус жугузгандар менен иштеди. Анан өзү дарыгер болгондуктан вакцинанын сыноосуна катышты го дейм. Аны менен чогуу иштегендердин баары эле сыноодон өттү".

Бир топ жыл миграцияда жүрүп орус жарандыгын алган мекендеш аты- жөнүн жолдошунун жумушуна байланыштуу жашыруун калтырууну өтүндү. Ал өзү эми мэриянын сайтына катталып, эмдөөдөн өтүүгө камданып турат.

"Мен да кызыгып калдым. Булар вакцинаны үч жолу – жаштарга, орто курактагыларга жана улгайган адамдарга сайып көрүшпөдүбү. Ооруну күчөтүп жиберген же организмге тескери залакасы тийген учурлар катталган жок. Улгайган жана өнөкөт оорулары барлар гана кыйла кыйналышты".

Эки күн мурда Москвада коронавируска каршы биринчи эмдөөдөн өткөн дагы бир кыргызстандык маектешибиз 21 күндөн кийин вакцинанын экинчи дозасын алып, тестинин жыйынтыгы чыкмайынча маалымат берүүдөн баш тартты.

Шаршембиде Орусиянын башкы санитардык врачы Анна Попова экинчи «ЭпиВакКорона» вакцинасынын клиникалык сыноолорунун жыйынтыгы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

Орус бийлиги дүйнөдөгү 50дөй өлкөдөн 1 миллиарддан ашуун доза вакцинага суроо-талап түшкөнүн кабарлап келет.

Орусияда 9-декабрда 26 миңден ашык адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Пандемияда башталгандан бери вирусту жугузгандар 2,5 миллиондон көбөйүп, илдеттен көз жумгандар 45 миңге чамалап баратат.

Орусияда вирустан каза болгондор расмий статистикадан бир кыйла жогору дегендер бар. «Медиазона» басылмасы аймактардагы көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгып, акыркы беш жылга караганда быйыл жети айдын ичинде Орусияда өлүм саны 120 миңге көбөйгөнүн жазып чыкты.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG