Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Үмүт жандырган дагы бир америкалык вакцина


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык Moderna биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5 пайыз натыйжалуу экенин көрсөттү. Бул тууралуу сыноонун алдын-ала жыйынтыктарына таянып, компания жетекчилиги 16-ноябрда жарыялады.

“Модерна” компаниясы коронавируска каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычынан ийгиликтүү өткөнүн бир апта ичинде жарыялаган экинчи америкалык компания болуп калды.

Компаниянын башкы директору Стефан Бансел: "Өткөн аптада Pfizer компаниясы чыгарган вакцина тууралуу угуп сүйүндүк эле. Бүгүн эртең менен биз жарыялаган маалымат жакында вакцинаны өндүрүшкө чыгарып, тобокелчилик тобундагы адамдарды эмдеп, пандемияны токтото аларыбыздан үмүт берет”, - деп билдирди.

Компания маалымдагандай, сыноонун үчүнчү баскычына 30 миң ыктыярчы катышкан. Алдын-ала жыйынтык 95 ыктыярчынын анализдеринен улам чыгарылган. Алардын бешөөнө вакцина, калгандарына плацебо сайылган. Мына ошол токсон адамдын он бири коронавируска чалдыккан. Бул көрсөткүчтөн улам вакцинанын коронавируска туруштук бере ала турган натыйжалуулугу 94,5% деп аныкталган.

“Модерна” компаниясынын вакцинасы эки баскыч менен сайылат. Биринчи вакцина менен экинчисинин ортосу 28 күндү түзүшү зарыл.

Компания сыноонун үчүнчү баскычын улантууда. Ошол себептен анын натыйжалуулугунун көрсөткүчү өзгөрүп кетиши дагы ыктымал.

"Модерна" компаниясынын вакцинасы mRNA-1273 деп аталат. Ишкана аны колдонууга уруксат алуу үчүн Тамак-аш жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн башкармалыкка арыз тапшырууну пландап жатат. Уруксат жыл соңуна чейин берилиши мүмкүн экени күтүлүүдө.

Жаңы вакцинанын кайсы бир бөлүгүн швейцариялык Lonza компаниясы АКШ менен Швейцариянын дары-дармек ишканаларында өндүрөт.

"Модерна" компаниясынын вакцинасы кадимки муздаткычта сакталат

Бир апта мурда америкалык Pfizer компаниясы жана анын Германиядагы өнөктөшү BioNTech ишканасы алардын вакцинасы коронавируска 90% туруштук бере аларын жарыялашкан.

Pfizer менен BioNTech компанияларынын вакцинасынан айырмаланып, "Модернанын" вакцинасын кадимки муздаткычта сактаса болот. Тактап айтканда ал минус 2 -8 градуста отуз күн, ал эми минус 20 градуста алты ай сакталат. Pfizer компаниясы чыгарган вакцина болсо минус 80 градуста сакталууга тийиш.

Эки вакцина тең маалыматтык РНК (мРНК) деп аталган жаңы технологияны колдонуу менен жасалган. Вакцинанын мындан башка чоо-жайын эки компания тең азырынча ача элек.

Өткөн аптада германиялык BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Угур Шахин вакцинадан улам эмдиги жылдын кышында Covid-19 пандемиясы дээрлик токтоп, планетадагы жашоо өз нугуна келерин билдирген.

“Би-Би-Сиге» курган маегинде ал эгерде баары жакшы болсо, анда вакцина ушул жылдын соңунда же кийинки жылдын башында көп санда өндүрүлүп чыгаарын кошумчалады:

- Эмдиги жылдын апрель айына чейин 300 миллиондой вакцина чыгарууну көздөйбүз, - деди ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдагандай, ушул тапта ар кыл өлкөлөрдө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина сыноодон өтүп жатат. Алардын онго чукулу гана сыноонун үчүнчү баскычына жетти.

Орусияда сыноонун үчүнчү баскычы өткөрүлбөстөн эле эки вакцина расмий каттоодон өттү. Кийин сыноого катышкан айрым адамдар вирус жугузуп алганы кабарланып, бирок Орусиядагы академик Николай Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борбору вирус жугузгандар - вакцинанын өзүн эмес, плацебо катары сунуш кылынган затты сынагандар болушу мүмкүн деп билдирген.

Дүйнөнү каптаган коронавируска 54 миллиондой адам чалдыгып, 1,3 миллион киши бул илдеттен улам көз жумду.

P.S.

Макаладагы "плацебо" (латынча "placebo" - "жактырылам", "керегим тийет") сөзү дарыгерлер кеңири колдонгон ыкма менен байланыштуу. Плацебо тобундагы бейтаптарга "пайдалуу дары" деп сунушталган дары-дармек, иш жүзүндө, бейтапты айыгууга ишендирүү үчүн гана сунушталган дарылоочу зат; демек, ал - чыныгы вакцина эмес.

XS
SM
MD
LG