Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Орусияда соңку суткада 22 миңден ашуун киши коронавируска чалдыкты


Москваагы О.М.Филатов атындагы оорукананын "кызыл аймагында".
Москваагы О.М.Филатов атындагы оорукананын "кызыл аймагында".

Орусияда 14-ноябрдын таңына карата бир күндөн ичинде 22 702 киши коронавирустун жаңы түрүнө чалдыкканын бул илдетке каршы күрөш боюнча чукул штабдан маалымдашты.

Ошентип, өлкөдө апта ичинде ушуну менен үчүнчү ирет таажы вирус илдетине чалдыккандардын жалпы көрсөткүчү өтө жогорку чегине жетти.

Акыркы суткада бул илдеттин айынан 391 киши каза тапты, 18 626 киши айыгып чыкты. Штабдын кабарлашынча, ушул тапта 444 890 киши КОВИД-19 илдетинен жабыр тартууда.

Жалпысынан, Орусияда бул илдетке жыл башынан бери 1 903 253 киши кабылган. Чукул штабдын маалымдашынча, алардын ичинен 32 834 бейтап кайтыш болгон.

Ал эми орусиялыктар коронавируска каршы чыгарган "Спутник V" вакцинасын массалык өндүрүшкө киргизүү үчүн технологиялык жабдуу азырынча жетишсиз болуп жатканын президент В.Путин жакында мойнуна алган. Расмий бийликтер бул вакцина жакынкы айларда калайыкка сунуштала баштайт деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG