Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Орусия Кыргызстанга 50 миң ПЦР тест системаларын берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөштүн алкагында Орусия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 500 комплект ПЦР (Полимераз чынжыр реакциясы) тест системаларын берди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал баштаган делегациянын өкүлдөрү «Манас» эл аралык аба майданына келген жүктү тосуп алышты.

«Орусия жиберген 500 комплект ПЦР тест системалары 50 миң жолу дартты лабораториялык жактан тастыктоого жетет», - деди министрдин орун басары.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Орусияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолугушкан. Эки тарап COVID-19га каршы күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөн болчу. Анын жыйынтыгында Орусия Кыргызстанга гумжардам катары 50 миң даана тест-системасын бермей болгон.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб тараткан маалыматка караганда, 14-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен баш-аягы 1 196 адам каза болду.

Оору 65 953 кишиге жугуп, 56 847 бейтап COVID-19 илдетинен айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG