Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

COVID-19: Европада ооруканаларда орун калбай баратат


Варшавада көчөсүндөгү текшерүүлөр
Варшавада көчөсүндөгү текшерүүлөр

Европа жана Орусияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 300 миңден ашты. Бул континент оорунун экинчи толкунуна кабылып, чектөөлөргө, карантинге карабай вирусту жуктургандар улам көбөйүп бара жатат.

7-ноябрга карата чөлкөмдө 300 688 адам каза болду. Өлүмдүн үчтөн эки бөлүгү Британия, Италия, Франция, Испания жана Орусияда катталууда.

Оору жуккандар көбөйгөн сайын ооруканаларда реанимациялык орундар тартыш болууда.

Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги вирус жуккандар эки эсе көбөйгөнүн, 10 күндөн кийин реанимациялык керебеттер калбай калышы ыктымалдыгын билдирди.

Франциядагы реанимациялар 85% толду.

30 миңдей киши ооруканада, алардын 4 миңи оор абалда. Польшада ооругандар 27100 киши деп катталып, 445 адам каза болду.

Орусия коронавирус менен ооругандар боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 1,7 миллион адам вирусту жуктурду, 6-ноябрда бир күндө эле 20 миң адамдан оору аныкталды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө 49,2 миллион адамга оору жукту. 32,4 миллион адам айыкты, 1,24 миллион адам көз жумду. (BCh)

XS
SM
MD
LG