Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:35

Аймактардын алын кетирген коронавирус


Күндүзгү стационарлардын биринде дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. 2020-жылдын 16-июлу.
Күндүзгү стационарлардын биринде дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. 2020-жылдын 16-июлу.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, соңку бир жумадан бери вирус жуктургандардын саны 500дөн түшө элек. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 565 адамдан вирус табылды.

Бул күнү COVID-19 менен ооруп жаткан беш бейтап каза болду. Ал эми 1-октябрдан тартып көз жумгандардын саны 85 адамга жетти.

1-ноябрда каза болгон беш адамдын экөө Баткен облусунун тургуну. Аталган аймакта коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп жатканын статистика көрсөтүүдө. Расмий эсепке таяна турган болсок, Баткен боюнча ооруп жаткандардын саны 5552 адамга жетти.

Облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахманов буларды айтты:

«Эгерде Баткен облусунда жашаган ар бир адамдан анализ ала турган болсок, анда ооругандардын саны расмий статистикандан эки-үч эсе көп болот. Азыркы учурда 90 кишиге ылайыкташкан ооруканабызда 65тей бейтап жатат. Вирусту жуктургандардын көбү үйүндө дарыланып жатышат. Ошол эле маалда кээ бир адамдар коронавирусту сасык тумоо деп ойлоп, бизге кеч кайрылышууда. Вирустун күчөшүнө санитардык эрежелердин сакталбай жатканы себеп болду. Базарлар жай турмуштагыдай эле иштеп жатат. Тойлор токтогон жок».

Вирустан дарыланып жаткандардын арасында экинчи ирет ооруп калгандар да бар. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев алгачкы жолу ооруганда COVID-19ду үйүндө жатып эле жеңип кеткен. Бул жолу анын өпкөсүнүн 30% жабыркап, ооруканада эки жумадай жатып чыкты. Айбар Султангазиев вируска каршы колдонула турган дары-дармектер кымбаттай баштаганын айтып жатат.

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

«Бул жолкусунда оор өттү. 10 күн дене табым такыр түшпөй койду. Жүрөгүм айланып, денем ооруп, сатурация да түшө баштады. Азыркы маалда экинчи жолу ооругандар көп эле болуп жатыптыр. Бир ооруган адамга COVID-19 кайра жукпайт деген сөз туура эмес. Антиденече вируска эки айдан алты айга чейин туруштук бере алат экен. Экинчи толкун жаңы башталгандыктан ооруканаларда орун жетиштүү. Саламаттык сактоо министрлиги бир айда 10 миңге чейин бейтапты кабыл алганга даярбыз деп жатышат. Эгерде статистика дагы өсө турган болсо жайындагы кырдаал кайра кайталанышы толук мүмкүн».

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб күнүгө Бишкек шаарындагы бош орундар боюнча маалымат таратууда. 31-октябрда бейтаптар үчүн 144 орун бар экени кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган адамдардын көбөйүп жатышына өлкөдөгү аш-тойлор жана октябрь айындагы митингдер себеп болгонун билдирди. Жаңы дайындалган министр Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы басма сөз жыйынында дары-дармектердин запасы эки айга жете турганын айткан эле.

Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов даярдыктар буларды айтты:

Эрмек Исмаилов
Эрмек Исмаилов

«Жарандарыбызга тыюу салуу мамлекеттин колунан келбейт экен. Эл эч кимди укпай койду. Биздин өкмөт жоопкерчиликти адамдардын өзүнө оодарып, «ден соолук керек болсо үйдө отур, макул болбосоң жүрө бер» дегендей болуп жатат. Көзөмөлдү күчөтсөк жакшы болмок. Октябрь айында шайлоо, митинг, тойлор болуп кыргызстандыктар бири-бири менен аралашып кетти. Эми алардын ооруй башташына даяр болушубуз керек».

Коронавируска байланыштуу кырдаал Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн 29-октябрдагы алгачкы жыйынында да талкууланган. Жапаров COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатканын айтып, тиешелүү мекемелер бардык кырдаалга даяр турушу керектигине басым жасаган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«Ооруканалардын, күндүзгү стационарлардын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн, дары-дармек запастарын, аппараттардын иштешин, жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүүлүгүн катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Каражат маселеси токтоосуз чечилсин. Монополияга каршы агенттик дары-дармектердин баасы бардык аймактарда бирдей болушу боюнча иштерди жүргүзсүн».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери вирус 59 443 кишиге жукту. Анын 50 409 айыкканы айтылды. Вирустан 1 150 адам кайтыш болду. Учурда 3386 бейтап стационарда, 3905 киши үй шартында дарыланууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG