Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Жалал-Абаддагы шайлоо тилкесинде мыйзам бузулган эки учур катталды


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Жалал-Абад шаарындагы №2095 шайлоо тилкесинде эки мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына участоктун төрайымы Алтынай Сыдыкова билдирди. Саат 10:50дө «Биримдик» партиясын шайлаганын көрсөтүш үчүн добуш берүүчү телефонго сүрөт тарткан. Ал эми экинчи мыйзам бузууда «Мекенчил» партиясын шайлаганын далилдеп сүрөткө тарткан шайлоочу катталды. Бул эки учур тең укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Ушул эле шаардагы №2094 участогундагы үкөк бир сааттан ашык иштебей, шайлоочулар кезек күтүүгө мажбур болушту. Түшкү саат 12ге чейин жалпы облус боюнча шайлоочулардын 20-25% добуш берди.

Аймакта 448 шайлоо тилкеси бар. Жалпы шайлоочулардын саны - 643 774 адам. Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, көзөмөлдөө үчүн миңден ашуун милиция кызматкери тартылган. 3533 шайлоочу көчмө үкөк менен добуш берүүгө арыз калтырган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда. (TB)

XS
SM
MD
LG