Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Талас шаарында урна иштебей, узун кезек пайда болду


Кыргызстандагы шайлоо.
Кыргызстандагы шайлоо.

Талас шаарындагы 108 шайлоо участогунда урна иштебей узун кезек пайда болду. Талас шаардык маданият бөлүмүндө кезекте 50дөн ашык адам жана бир нече машине турат. «Азаттык» радиосу сурамжылоо жүргүзгөндө алардын басымдуу бөлүгү айылдардан келип, №2 форма менен добуш беришерин айтышты. Айрым шаар тургундары өздөрү жашап, катталган жерден добуш бере албай жатканына нааразы болушту.

Кезек күткөндөрдүн көбү Покровка, Кең-Арал айылдарынан келген. Бул жолку шайлоодо Талас облусу боюнча 17 миңден ашык добуш берүүчү №2 форма толтурган. Алардын жети миңи Талас шаарындагы он участокто катталган.

Ушул эле участокто «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү менен байкоочулардын ортосунда чыр чыкты. Байкоочулар партиянын өкүлү тизме менен белгилеп текшерип жатканын айтып чыгышты.

Бул участокто урна 15 мүнөт иштебей калып, узун кезек пайда болгон. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү добушканадан чыгарылды. (AiA).

XS
SM
MD
LG