Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кара-Сууда партиялардын биринин үгүтчүсү деген адам 313 миң сом менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында партиялардын биринин агитатору 313 миң сом акча менен кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.

«Шектүү акчаны таанышы таштап кеткендигин айткан. Азыркы кезде бул окуя боюнча Жазык кодексинин 192 беренеси боюнча («Шайлоочуларды сатып алуу») сотко чейинки териштирүү иши башталды. Окуя боюнча азыр тиешелүү тергөө иштери журүп жатат», - деди Аширбаев.

Милициядагы ишенимдүү булактар кармалган үгүтчү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү экенин билдирүүдө.

Бирок «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканова бул маалыматты четке кагууда. Анын айтымында, кылмышка шектүү жарандын өздүгүн тактаганда ал партияда үгүтчү болуп иштебегендиги аныкталган.

Алканова милиция негизсиз маалымат таратып жатат деген пикирде.

«Биз өзүбүздүн базадан да, жергиликтүү штабдан да ал кишини тапкан жокпуз, - деди ал. - «Мекеним Кыргызстандын» агитаторлору эч кандай акча тараткан эмес. Милиция далили жок эле айтып жатат. Видео тасмасы же дагы башка фактысы жок, арыз менен кайрылган адамдын айткан сөзүнө таянып «ушул партия» деп айтып жатышат. Бул жалган, атайылап жасалган чагым».

Ал арада социалдык тармактарда окуяга байланыштуу деген тасма тарады.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда. (DU)

XS
SM
MD
LG