Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:57

УКМКнын пара талап кылган деп шек саналган кызматкери иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пара талап кылуу боюнча шектүү катары кармалган кызматкери (Н.у.С.) жумуштан бошотулду. Мекеме мындай чечим УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы жүргүзгөн ички иликтөөдөн кийин кабыл алынганын билдирди.

Ал 4-сентябрда 1000 доллар пара алып жатканда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен УКМКнын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери кармаганы кабарланган.

Шектүү адам Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында колго түшүп, камакка алынган.

УКМК мурдагы кызматкеринин толук аты-жөнүн жана ал кайсы иш боюнча пара талап кылганын жазган жок. Ишти Финансы полициясы иликтеп жатат. Андан тышкары бул фактыны Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Финполициянын жетекчилери көзөмөлгө алганы айтылды.

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн пара менен кармалган учурлары буга чейин да кездешкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG