Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

IRI: Кыргызстандыктар бийликтин ишине канааттанбайт


Жогорку Кеңеш жана президент олтурган имарат. Ак үй. Бишкек, Кыргызстан.
Жогорку Кеңеш жана президент олтурган имарат. Ак үй. Бишкек, Кыргызстан.

Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ - IRI) Кыргызстандагы шайлоо алдындагы маанайды иликтеген сурамжылоосун жарыялады. Ага катышкандардын көпчүлүгү өлкө туура эмес багытта баратканын билдирип, башкы көйгөйлөрдү тизмектешти.

Изилдөөнүн жыйынтыгында калктын басымдуу бөлүгү өкмөттүн коронавируска каршы саясатына канааттанбаганы белгилүү болду. Партияларга карата каршы маанай күч экени көрүндү.

Коронавирус жана башка көйгөйлөр

"International Republican Institute" (IRI) – Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ) жүргүзгөн изилдөө саясат, экономика, коронавируска каршы күрөшүү, саясий партиялар жана талапкерлерге байланыштуу он чакты суроого пикир чогултту. Анын ичинде башка сурамжылоолор сыяктуу өлкөдөгү азыркы башкы көйгөйлөр суралды.

Бул жолу соболго бергендердин 61% азыр аларды түйшөлтүп жаткан башкы маселе катары жумушсуздукту, 51% коронавирусту, 49% коррупцияны аташты.

ЭРИнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков «Азаттыкка» сурамжылоодогу бул жагдайды өзүнчө баяндап берди.

Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) логосу.
Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) логосу.

«Респонденттер баса белгилеген негизги проблемалар IRI тарабынан мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөгүдөй эле экономикага жана жумушсуздукка байланыштуу болуп чыкты. Бул изилдөөдө козголгон жаңы жагдай катары, экинчи орунда коронавирус илдети көрсөтүлдү. Андан кийинки маселе катары коррупция белгиленген. Төртүнчү орундагы көйгөй болуп COVID-19 кризисинен улам келип чыккан саламаттык сактоо системасынын жагдайы турат. Бул ачык суроо болгондуктан респонденттерге жооптордун варианты сунушталган эмес, алар бул көйгөйлөрдү өздөрү айтышты».

Кийинки кезектерде билим берүү системасынын начардыгы, экономиканын чабалдыгы, социалдык жеңилдиктер, миграция, жашоо- шарттын начардыгы, суу жана башка көйгөйлөр белгиленген.

«Биздин өлкөдө учурда кайсы көйгөйлөр эң олуттуу болуп саналат?» деген суроого жооптор. IRI уюмунун сурамжылоосу.
«Биздин өлкөдө учурда кайсы көйгөйлөр эң олуттуу болуп саналат?» деген суроого жооптор. IRI уюмунун сурамжылоосу.

Аймактарды өзүнчө карасак, маселен Бишкек жана Ош шаарында коррупция, Нарында ички чыр-чатактар элди жүдөткөнү байкалса, башка облустарда калкты жумушсуздук, жакырчылык жана жогоруда айтылгандай коронавирус көбүрөөк жүрөк өйүткөнү көрүнөт.

Коронавирус демекчи, «ал сизди канчалык кабатыр кылат?» деген суроого көпчүлүгү андан чочулап жатканын айтышкан.

«Сурамжылоого катышкандардын 79% корона кризиске тынчсыздануусун билдиришкен. Демографиялык жактан алып караганда, улуу муундагылардын (56 жаштан өйдө курактагылар) 83% камтамачылыкка көбүрөөк кириптер болгонун айтышкан. Ошол эле кезде жооп бергендердин арасында регионалдык айырмачылыктар да бар – Баткен облусунда жооп бергендердин 96% тынчсыздануусун билдирсе, Чүй облусунда бул сан 42% эле түзгөн. Жалпысынан жооп бергендердин 67% өкмөттүн COVID-19 кризисине каршы саясатына канааттанган эмес. Бишкектеги респонденттердин арасында буга нааразы болгондордун көрсөткүчү 89% түзсө, Жалал-Абадда суралгандардын 63% өкмөттүн кризиске каршы чараларына канааттанарын маалымдашкан», - деди ЭРИнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Стойков.

Кыргызстандын багыты жана партиялар

Бүйүр кызыткан дагы башка жагдайлар сурамжылоодогу «өлкөнүн багытына» байланыштуу суроолордун жоопторунан чыкты. Тагыраагы ал жөнүндө соболго пикирин айткандардын 53% Кыргызстан туура эмес багытта баратканын билдиришсе, 41% өлкө туура багытта экенин көрсөтүшкөн. Калган 6% позициясын айтпай турганын, же билбей турганын кабарлашкан.

«Багыт» дегенде мында, мамлекеттик саясат деп түшүнсөк болот. Же президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын тушунда иштеген өкмөттөрдүн ишине карата баа катары да кароого болот.

Бул алкактан алганда анда жооптордогу көрсөткүчтөрдү да деталдуу талдоого туура келет. Башкача айтканда, бийликтин саясатын оң баалагандар айрым аймактарда көбүрөөк экени, кээлеринде азыраак экени байкалат.

«Биздин өлкө туура багыт менен баратабы же туура эмес багыт менен кетип баратабы?» деген суроого жооптор. IRI уюмунун сурамжылоосу.
«Биздин өлкө туура багыт менен баратабы же туура эмес багыт менен кетип баратабы?» деген суроого жооптор. IRI уюмунун сурамжылоосу.

Маселен, саясатты тескери баалагандар Бишкекте 88% түзсө, Ош шаарында 18% болгон. Оң баа бергендер Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарында 20-25% түзсө, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана экинчи борбор калаада 79% чейин жеткен. Ош облусунда саясатты колдогондор менен колдобогондор 49-49% болуп, теңме-тең чыккан.

Бул көрүнүш эмне менен байланыштуу болушу мүмкүн? Ош шаарында жашаган серепчи Абдыжапар Аккуловду угуп көрөлү.

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

«Биринчиден, акыбалы «мышык ыйлагыдай» болуп турса деле кыргыз «жакшы» дей берет экен. Экинчиден, орой болсо да айтыш керек жана моюндаш керек, бизде бийлик талашууда, таасир талашууда регионалдык фактор роль ойнойт. Анан эми, азыркы саясатка карата баа берүүдөгү айырмачылыктарды түштүктүн жашоочуларынын менталитетине байланыштырат элем. Баягы, «хан көргөн эл» деген сыяктуу кандай окуя болсо да, сабыр кылып жүрө берген мүнөзүбүз бар да. Түндүктөгү калкыбыз ачык-айкын, бетке айтат. Түштүк аймакта кыргыздар менен жанаша өзбек, тажик, уйгур улутундагылар да көп. Ошол жагынан алганда тынчтык, стабилдүүлүктү эле баалап, ошого «жакшы багытта баратабыз» деп пикир айтышса керек. Анда да «жакшы» дегендин ичинде, кагазга оролгон «азырынча» деген маани турат деп түшүнсөк болот. Болбосо «туура багытта баратабыз» дегенден эле туура жол менен кетип жатканыбызды түшүндүрбөйт. Мына Сооронбай Жээнбеков бийликке келген үч жылдан бери экономика оңолсо, элдин турмушу өйдөлөсө деген үмүт менен эле жашап келе жатабыз. Коррупция азайбай, анын тамыры кыркылбай жатканын да көрүп турабыз. Ички дүң өнүм, жалпы социалдык башка индекстер боюнча деле биз Борбор Азияда Тажикстандан эле бир аз алдыда турабыз. Эгер туура багытта баратканыбызда бул индекстер акыркы үч жылда аз өзгөрмөк».

Сурамжылоонун дагы бир бөлүгү шайлоого, саясий партияларга жана андагы талапкерлерге арналганын белгилегенбиз. Мында да кызык жооптор көбүрөөк.

Респонденттердин 77% шайлоого барарын билдиришсе, «кайсы партияларды билесиз?» деген суроого көбү, азыр Жогорку Кеңеште олтурган партияларды атаган. Бирок «эгер шайлоо жакын арада болсо кимди шайлайт элеңиз?» дегенде, «билбейм» деген жооп (27%) басымдуулукту түзгөн. «Баарына каршы» дегендер 15% болсо, «добуш бергим келбейт» дегендер 10% көрсөткүчтө чыккан. Партиялар болсо бир пайыздан жети пайызга чейин гана тарапкер чогултушкан.


Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов береги жагдайды мындайча комментарийледи.

«Партиялык система бизде 2007-жылы кирген. Саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнчө Конституция жазып, аны ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев кабыл албай коюп, соңунда экөө ортодон бир вариант чыгарышкан. Ошондон бери депутаттар парламентке партиялык негизде аттанат. Бирок реалдуулукта эл депутаттарды эмес, партиялардын лидерлерин гана тандап калбадыбы. Алар партиясына каалаган кишини киргизет, коммерция кылып алышты. Жалаң бай-манаптар, акчасы барлар кошулат.

Эл шайлоочу эмес, жөн гана добуш берүүчү, бюллетенди урнага салгыч болуп калды. Бул партиялык система оппозиция деген таптакыр жоготту. Ошондуктан азыр бардыгына каршы добуш бериш керек дегендер көп болуп жатат. Баарынан тажаганы бир маселе, экинчиси каалаган кишисин тандай албай жатпайбы. Биз кимди шайлап жатканыбызды да билбей калып жатабыз. Ошого баарына каршы добуш бериш керек. Бул бийликке каршы добуш берип жатканыбыз, күрөшүүнүн мыйзамдуу ыкмасы. Эгер «баарына каршы» графасы биринчи орунда чыкса, парламенттик шайлоо өтпөй калды болуп саналат. Балким ошондо бийлик башындагылар азыркы шайлоо системасын кайра карап, элдин депутаттарды түз тандоосуна жол бере тургандай система сунушташы мүмкүн».

Кыргызстанда соңку 15 жылдан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келген Эл аралык Республикалык Институттун бул сурамжылоосуна 1223 киши катышкан. Бирок анда түрдүү курактагы жана жыныстагы, бардык аймактардагы жана ар кайсы улуттагы жарандар суралган. Жооп топтоо иштери мобилдик жана стационардык телефондор аркылуу ишке ашкан. Изилдөө августтун ортолорунда жүргөнү менен сентябрдын башында жарыяланды.

Өлкөдө кенен социологиялык изилдөөлөр мамлекеттик органдардын сурамжылоолорун эске албаганда жетиштүү эмес экени айтылып келет. Ошол себептүү адистер бийликти эл аралык уюмдар жүргүзгөн көз карандысыз сурамжылоолорунун жыйынтыктарына көңүл бурууга үндөшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG