Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Казакстан кармаган депутат Бишкекте бошотулду


Дамирбек Асылбек уулу Алмата шаарындагы сот отурумунда.
Дамирбек Асылбек уулу Алмата шаарындагы сот отурумунда.

2018-жылы Казакстандын күч түзүмдөрү кармап, алгач кошуна өлкөдө, андан кийин Кыргызстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 21-августта түрмөдөн чыкты.

Анын эркиндикке чыгышына Жогорку соттун чечими себеп болгон. Мурдагы депутат кошуна өлкөнүн абагында тогуз ай, Кыргызстандын темир торунда дагы ушунча мөөнөт отурду. Мекеменин басма сөз кызматы Асылбек уулу боюнча мындай түшүндүрмө берди:

«Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223-беренеси («Экономикалык аткезчилик») менен үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгарылды».

Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өзүнчө каралганын айтат. Бирок эмне болгон жагдайлар экенин ачыкка чыгарган жок.

2018-жылдын февраль айында Казакстанда ошол учурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо 35 адам кармалган эле. Алардын көпчүлүгү Казакстандын жарандары болгон. Жыйынтыгында бул иш боюнча 12 адам соттолгон. Алардын арасында кыргызстандык Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров бар болчу. Алар 2019-жылы мурдагы депутат менен кошо Кыргызстанга эстрадицияланган.

Уланбек Мурадиловдун бир тууган агасы Сүйүнбай Мурадилов Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулунун ишин өзүнчө карап, аны бошотуп салышын түшүнбөй жатканын айтты:

«Үчөөнүн иши бир болчу да. Казакстандан чогуу алынып келген, беренелери да бир. Бул жактан да чогуу соттолгон эле. Биздин балдардын иши бир жуманын ичинде чечиле турганын айтып жатышат. Азыр күтүп жатабыз. Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги башка депутаттардын жардамы менен түрмөдөн чыгып кетти көрүнөт. Анда биздин балдар эмнеге калып калышы керек?»

Уланбек Мурадилов 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-жылы Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Ал эми Чыңгыз Абакиров Мурадиловдун өкүл баласы экени айтылып жүрөт.

Казакстан Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандар «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» экенин билдирип, алар Казакстанга Кытайдан товарларды аткезчилик менен ташып жүргөнүн кошумчалаган. Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети болсо кылмыштуу топтун айынан мамлекеттик бюджетке 99 млн. теңге түшпөй калганын маалымдаган. Ошондой эле кошуна өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экенин расмий ырастаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 2019-жылы 16-апрелде ажыраткан. Анын ордуна Руслан Чойбеков депутат болуп келген эле. Ал партиялашынын Казакстанда өткөн сот отурумдарына катышып жүргөн.

Руслан Чойбековдун пикиринде, Дамирбек Асылбек уулу эки өлкөнүн ортосундагы саясий оюндун курмандыгы болуп калган.

Руслан Чойбеков.
Руслан Чойбеков.

«Кыргызстан менен Казакстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондуктан эки өлкөнүн ортосунда чек ара болбошу керек эле, - деди ал. - Казакстанда Дамирбекти кармоо өз учурунда одоно мыйзам бузуу болгон. Себеби «Дордойдон» Казакстанга өткөн жүк аткезчилик болуп эсептелбеши керек. Анда кошуна өлкөгө товар ташыгандардын баары аткезчи болуп калабы? Болгону Дамирбектер саясий оюндан улам эле камалып калган».

Дамирбек Асылбек уулу кармалгандан кийин Жогорку Кеңеште аны сотко чейин камактан алып чыгуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Депутаттардан айырмаланып, саясат талдоочулар парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын аткезчилик үчүн айыпталып кармалышы парламенттин жана өлкөнүн аброюна шек келтире турганын айтышкан эле.

Жарандык активист Адил Турдукулов Дамирбек Асылбек уулун түрмөдөн аны менен кошо бажыда аткезчилик менен алек болуп жүргөндөр чыгарып алды деген пикирде турат.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Бажыдагы былык иштер менен күрөшүүнү биздин күч түзүмдөрүбүз эмес, Казакстандын тиешелүү кызматтары баштаган, - деди ал. - Сот тарабынан күнөөсү далилденген Асылбек уулунун түрмөдөн бошоп кетиши кыргыз бийлиги бажыдагы коррупция менен күрөшүүгө кызыкчылыгы жок дегенди түшүндүрөт. Ал эми бир иштин негизинде кармалгандардын арасынан депутаттык мандаты бар адамдын эркиндикке чыгып кетиши сот органдарында кош стандарттуулук бар дегенден кабар берет».

Дамирбек Асылбек уулу эки чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Алгач жолу 2009-жылы андагы бийликчил «Ак жол» партиясынын тизмесинен депутат болсо, экинчи ирет 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG