Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Украина антитеррордук операцияны жандантат


Украинанын чыгышындагы Изюм шаарына жакын жерде турган украин аскерлери, 15-апрель, 2014.
Украинанын чыгышындагы Изюм шаарына жакын жерде турган украин аскерлери, 15-апрель, 2014.

Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов антитеррордук операция кайра башталаарын эскертти.

Украин президентинин милдетин аткаруучу Олександр Турчинов өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл козголоңчуларга каршы антитеррордук операцияны кайра баштоого чакырды. Өз билдирүүсүндө ал козголоңчулар кармап турган Славянск шаарында «аёосуз кыйноодон» каза тапкан эки кишинин сөөгү табылганын маалымдады. Президенттин сөзү боюнча, өлгөндөрдүн бири өзүнүн «Баткевшина» партиясынын Донецкидеги мүчөсү Володымыр Рыбак болгон. Турчинов «террористтердин мындай кылмыштары «Орусиянын толук колдоосу жана шыкактоосу» менен жүрүп жатат деди.

Турчинов буга чейин да «антитеррордук» операция жарыялаган, бирок андан анча майнап чыкпай, жикчилдар дагы деле 10 чакты шаарды кармап турушат.
Украина, Орусия, АКШ жана Европа Биримдиги өткөн аптада Женевада куралдуу топтордун курал тапшырышын жана алардын коомдук имараттардан чыгып кетишин караган келишимге кол коюшкан эле. Бирок орусиячыл козголоңчулар бул макулдашууну көзгө илген жок.

Өз алдынчалык жарыялаган Словянск шаарынын мэри Вячаслав Пономорев кечээки пресс-конференцияда «шаарда түндөсү кол салуу болот, биз чабуулдун мизин кайтарууга даярданып жатабыз» деген.

Пономарев анын кишилери бир журналистти кармап тургандыгын да бышыктаган. АКШнын Мамдепартаменти Словянскиде америкалык журналист Саймон Островскийдин барымтада экендигин билдирүүдө. Департаменттин маалымат катчысы Йен Псаки шейшемби күнү: "Бизде ар кандай кабарлар бар. Акыркы күндөрү бир канча журналист кармалып, же барымтада болду окшойт. Биз албетте муну айыптайбыз", - деп айтты.

Украинада бир нече аптадан бери жүргөн Островский 21-апрелде Словянскиде мэрдин пресс-конференциясын чагылдырган эле. Ошондо ал твиттерде жыйында бир аял «бизди калпычылар» деп атап, алдыңкы күнү окко учкан жикчилдерди жерге берүүгө акча талап кылды» деп жазган.

Ал арада Украинанын согуштук тыңчы учактары кечээ (22-апрелде) Словянск шаарынын үстүнөн мылтыктан аткыланды. Коргоо министрлиги эч кимдин жапа чекпегенин билдирди. Мындан бир нече саат алдың АКШнын вице-президенти Жо Байден Киевде болгонунда Орусияны «Украинанын чыгышында бузукулук иштерди кайталабоого» чакырган эле.

Кечээ ошондой эле Пентагон Польшага жана Балтия өлкөлөрүнө согуштук машыгууга 600 аскер жиберип жаткандыгын маалымдады. Ал эми Мамкатчы Жонн Кэрри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк менен телефондон өз-өзүнчө сүйлөштү.

Ал Орусияны чыгыш Украинадагы жикчилдердин куралын ташташын кепилдөөгө чакырып, Украин өкмөтүн «Женева келишимин, анын ичинде мунапыс эрежесин жакшы аткарып жатат» деп мактады.

Ал арада Крым татарларынын мэжлисин жетектеген Рефат Чубаров «ал орус жарандыгын алат экен» деген кабарды төгүндөдү. Мунун алдында Крым татарларынын жол башчысы Мустафа Жемилев ага Крым бийликтери жарым аралга келүүгө беш жылга тыюу салышканын билдирген.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри бүгүн эгер Украинада орусиялык жарандардын кызыкчылыгына шек келсе, муну Москва жоопсуз калтырбай деп эскертти. Буга байланыштуу Лавров Түштүк Осетияны эске салды. Ал ошондой эле Украинаны жең ичинен америкалыктар билгениндей бийлеп жатпаганына анда эч кандай себеп жок экендигин кошумчалады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG