Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

АКШ Киевге 20 млн. долларлык жардам берет


Украин өкмөтүнүн башчысы Арсений Яценюк (оңдо) АКШнын вице-президенти Жо Байден менен сүйлөшүү алдында, Киев, 22-апрель, 2014
Украин өкмөтүнүн башчысы Арсений Яценюк (оңдо) АКШнын вице-президенти Жо Байден менен сүйлөшүү алдында, Киев, 22-апрель, 2014

АКШ вице-президенти Жо Байден эки күндүк сапар менен Украинада жүрөт. Анын сапарын расмий Вашингтон Киевдеги батышчыл жаңы бийликтерди колдоо катары сыпаттап жатат.

Байден бүгүн украин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрүндө АКШ Украинанын экономикасына жардам кылганга даяр экенин айтты. Ошол эле маалда ал азыр украин экономикасындагы “коррупция рагы” менен күрөшүш үчүн дагы көп иш жасалышы керектигин белгиледи.

Жо Байден Киевдеги сөзүндө Украина азыр улуттук биримдикке жетишүүгө жана эгемендигин коргоп калууга аракет кылып жаткан чакта өлкөнүн “беделин түшүргөн коркунучтарга” жана “аябагандай оор проблемаларга” туш болуп жатат деди.

Бүгүн ал Украинада президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлер жана парламент депутаттары алдында сүйлөп жатып: “Биз силердин досуңар жана өнөктөшүңөр болгубуз келет”, - деди.

Ал 25-майга белгиленген президенттик шайлоону “Украинанын тарыхындагы эң эле маанилүү шайлоо болушу мүмкүн” деп атады.

- Мени бул сөзүм үчүн пресса сындашы мүмкүн - сиздер Украинанын тарыхындагы эң эле маанилүү шайлоонун алдында турасыңар. Ошондуктан өзүңүздөр азыркыдан да бирдиктүү жана өнүккөн Украинада жашаш үчүн эки, беш, он, он беш жыл күткөн реформалар жана демократиялык жаңылануулар доорун баштоого мүмкүнчүлүк алып жатасыздар.

Байден Украина азыр өзүнүн саясий системасы ичинде түрдүү мыйзам бузууларга жол бербей, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү зарыл экенин да эскертти:

- Чынында, мындайды парламенттеги лидерлердин тобуна айтуу бир аз аялуу болушу мүмкүн, бирок сиздер өзүңүздөрдүн саясий системада кеңири жайылган "коррупция рагы" менен күрөштү күчөтүшүңүздөр керек.

Украин жетекчилигин Вашингтон колдой турганын билдириш үчүн Киевге кечээ барган вице-президенттин визити бүгүн аяктайт.

Ал утурумдук президент Александр Турчинов жана убактылуу премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушту. Өкмөт башчы Яценюк Байден менен сүйлөшүүдө келерки айга белгиленген шайлоо пландалгандай эле өтө турганын айтты. “Орусия муну каалабаса да, Украина легитимдүү президентке ээ болот”, - деди ал.

- Туура инвестиция жана тандоолорду жасоо аркылуу Украина энергетикалык көз карандылыкты жоюп, энергетикалык коопсуздугун бекемдей алат. Ошол максатка жетүүдө биз жаныңарда болуп, колдон келген жардамыбызды беребиз.

Вице-президент азыр АКШ Украинанын коопсуздук кызматтарын колдоо максатында курал-жарак камтылбаган 20 млн.долларга тете техникалык жардам берип жатканын айтты. Ага байланыш техникасы, бомбаны зыянсыздандыруучу техника, түрдүү унаалар жана жабдуулар кирери кошумчаланды.

Байдендин Украинага сапары азыр бул өлкөдөгү кризисти жөндөш үчүн Женевада кабыл алынган келишимди буздуңар деп азыр Орусия менен АКШ бири-бирин айыптап жаткан учурга туш келүүдө.

Украина, Орусия, АКШ жана Евробиримдик Женевада 17-апрелде кабыл алган келишимге ылайык, жумурияттын батышында өкмөттүк имараттарды басып турган орусиячыл топтор ал жактан кетип, куралдарын ташташы керек.

Буга чейин Вашингтон непада Москва ал келишимде айтылгандарды ишке ашырбаса, ага каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айткан. Ошол эле маалда Орусия АКШны Киевдеги жаңы бийликтерге келишимди так аткарышы үчүн басым жасоого үндөп, керек болсо Киевдин борбордук аянтындагы европачыл демонстранттардын лагерин да буздурууга чакырып жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG