Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Сирияны анти-өкмөттүк козголуш каптады


Сирияда президент Башар Ассаддын бийлигине каршы демонстрациялар 22-апрелде да уланды. Күбөлөрдүн айтышынча, түндүктөгү Хама жана ортолуктагы Хомс шаарларында полиция демонстранттарды тарткатуу үчүн асманга ок аткан. Өлкө борбору Дамаскиде саясый реформаны талап кылган 2 миңдей адамды кууш максатында көздөн жаш агызчу газ атылган. Түштүктөгү Дараа шаарында жана түндүк-чыгыштагы күрттөр жыш жашаган аймакта да анти-өкмөттүк толкуу болгону кабарланды.

Сирия өкмөтү чет элдик журналисттердин өлкө ичинде жүрүүсүн катуу чектеп койгондуктан, козголоңдун катышуучуларынын саны жөнүндө маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн болбой жатат.

Башар Ассад кечээ Өзгөчө кырдаалдар боюнча 48 жыл мурда кабыл алынган мыйзамды ырасмий түрдө токтоткон. Шектүү деген адамдарды соттун өкүмүсүз аңдууга же камоону мүмкүн кылган бу мыйзамды алып салуу анти-өкмөттүк демонстрациялардын башкы талабы болчу.

Эл аралык мунапыс уюму бийликтин бүгүнкү демонстрацияга берген жообу-бийликтин реформага канчалык ынтызар экенин көрсөтөт дейт. Оппозиция эми саясый туткундарга эркиндик берүү жана конституциядан “БААС Сириядагы жетектөөчү партия” деген беренени алып салуу үчүн күрөшөрүн билдирди. Адам укугун коргоочу уюмдардын эсебинче, марттын ортосунда Сирияда анти-өкмөттүк козголуш башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн огунан кеминде 200 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG