Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Кыргызстан ФИФА рейтингинде 100-орунга көтөрүлдү


Кыргыз футболчулары Тажикстан менен ойноодо. Дүйшөмбү шаары
Кыргыз футболчулары Тажикстан менен ойноодо. Дүйшөмбү шаары

Кыргызстан эл аралык футбол федерациясынын кезектеги рейтингинде рекордун жаңылап 100-орунду ээледи. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында жазылган. 7-апрелде жаряланган рейтингде Кыргызстан өткөн айга салыштырмалуу беш тепкичке жогорулаган. Рейтингдеги жогорулоо өткөн айда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тажикстандык атаандаштарын дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында 0:1 эсебинде утуп алганына байланыштуу болду. Бул көрсөткүч кыргыз футболунун тарыхында рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин Кыргызстан эки ай катары менен 105-катардан орун алып келген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ушуну менен 2015-жылдын декабрь айынан бери төртүнчү жолу катары менен рекорд жасады. 2015-жылдын декабрь айында жарыяланган рейтингде Кыргызстан 108-катарга жайгашып 2006-жылдын август айында ээлеген 119-ордун жаңылаган. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 65, Казакстан 116, Түркмөнстан 128, Тажикстан 164-орунда жайгашкан. Дүйнө лидерлеринин көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия курамалары жетектейт.

Ошондой эле Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү командалардын рейтингинде 12-орунга көтөрүлдү. Бул дагы жаңы рекорд болуп саналат.(UEz/ECh)

XS
SM
MD
LG