Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Орусия ИМ тобуна каршы күрөшүү үчүн Ташкен менен алакасын бекемдейт


Орусиянын Өзбекстандагы элчиси Владимир Тюрденевдин айтуусунда, Москва “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү максатында Өзбекстан менен алакасын күчөтө баштады. Бул тууралуу жергиликтүү булактарга таянып, “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Орусия менен Өзбекстандын 2015-жылдагы кызматташуусуна арналган тегерек үстөлдө орус элчиси Москва террордук топко каршы күрөштө БУУ эрежелерине ылайык, эч кандай саясаты жана милдеттенмелери жок коалиция курууну көздөп жатканын билдирген. Андан сырткары, эки мамлекеттин бул жаатта көз карашы бирдей экени айтылган.

Ташкендин бул боюнча пикири жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялана элек. (SE)

XS
SM
MD
LG