Сириядагы согуштан улам 4 миллиондон ашык киши коңшу өлкөлөрдө качкын болуп жүрөт. Акыркы он айда 1 миллиондон ашык сириялык Ата журтун таштап кетти.
БУУнун Качкындар агенттигинин башчысы Антонио Гутеррестин маалымдашынча, 1992-жылдан бери бир чатактын кесепетинен өлкөсүн мынча көп адам таштап кеткен эмес. 1992-жылы БУУ 4,6 млн. ооган качкынга көмөк көрсөткөн. Күн сайын абалы оорлоп бараткан сириялык бозгундар дүйнөнүн колдоосуна муктаж. "Дагы 7,6 млн. сириялык өлкө ичинде качкын болуп жүрөт", деди Гутеррес.
2011-жылкы антиөкмөттүк көтөрүлүштү улай башталган ич ара согушта 230 миңден ашуун адам өлдү.