Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Порошенко: Украина Орусия менен “чыныгы согуш абалында” турат


Украин офицер (оңдо) Донбасстагы орусиялык солдаттардан тартып алынган куралды көрсөтүүдө. Киев. 18-май 2015
Украин офицер (оңдо) Донбасстагы орусиялык солдаттардан тартып алынган куралды көрсөтүүдө. Киев. 18-май 2015

Бул жөнүндө президент Петро Порошенко 20-майда Би-Би-Сиге берген маегинде айтты: “Менин ишенимде, алар чабуулга камданууда жана биз даяр турушубуз керек деп ойлойм. Менин оюмча, биз алардын провокация жасоосуна кыпындай да мүмкүндүк бербешибиз зарыл”.

Порошенконун айтымында, Чыгыш Украинаны жикчилдерден аскер менен эле кайтарып алынбайт деп чочуйт.

Киев менен Батыш Орусияны козголоңчуларга курал жана аскер менен көмөктөшүп, машыктырууда деп күнөөлөп келет. Москва анын баарын куру доомат деп четке кагууда.

Украина 16-майда Донбасста орусиялык эки аскер кармалганын билдирди.

2014-жылдын апрелинен бери Чыгыш Украинадагы согушта 6 100дөн ашуун адам апаат кетти.

XS
SM
MD
LG