Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

БУУ өкүлү Жаңы-Өзөн окуясын көз карандысыз иликтөөгө чакырды


БУУнун атайын баяндамачысы Майна Киаи жана казакстандык укук коргоочу Роза Тулетаева.
БУУнун атайын баяндамачысы Майна Киаи жана казакстандык укук коргоочу Роза Тулетаева.

БУУнун атайын баяндамачысы Майна Киаи Казакстандагы сапарын жыйынтыктап жатып, 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуялары боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи.

Киаи 27-январда Астанада өткөн коомдук угууларда сүйлөгөн сөзүндө мындай иликтөө борбордук бийликке элдин ишенимин калыбына келтирүү үчүн керектигин айтты.

БУУнун өкүлү өткөн аптада Жаңы-Өзөндүн тургундары менен жолугушту.

Алар өкмөттөн 2011-жылдын декабрында тынч элге ок чыгарууга буйрук бергендерди жоопко тартууну жана камалган мунайчыларды бошотууну талап кылууну өтүнүштү.

Киаи ошондой эле иш таштаган мунайчылардын укуктарын коргоп жүргөн Роза Тулетаева менен кездешти. Тулетаева жети жылга түрмөгө кесилип, кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.

Киаинин сапары тууралуу баяндамасы БУУнун июнь айындагы сессиясында сунуш кылынмакчы.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.

XS
SM
MD
LG