Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Өнүктүрүү фондунун калпыс курулуштары


Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайы
Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайы

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылап жаткан Балыкчы жана Каракол шаарларындагы бала бакча, мектеп имараттарынын жана жолдордун курулуштары аягына чыкпай эки жылдан бери токтоп турат.

Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайы имараттарын оңдотуу долбоорун Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 2011 - жылы өткөргөн. Тендерде “Вадимир-Строй” курулуш компаниясы утуп, келишимге ылайык окуу жайдын 2-имаратын ичи-тышы менен толук оңдоодон өткөрмөк. Буга фонддон 1 млн. 600 миң сом бөлүнгөн. Бирок имараттын жасалгандан кийинки көрүнүшүн окуу жайдын жетекчи орун басары Өмүргазы Түмөнбаев мындайча сүрөттөдү:

- Шыбактары түшө баштады, сырлары өчүп кетти, кээ бирлерин өзүбүз жасап жатабыз. “Вадимир-Строй” өзү иштеген жок, жалданма жумушчуларды алып келди. Көчөдө араба сүйрөп жүргөн балдар иштеп жүрүштү. Айткан менен майнап чыккан жок. Бизди кайра коркутуп-үркүтүп, кетип калышат. Каныбыз кайнады.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Руслан Элебесов “Вадимир-Строй” жумушун чала жасап койгонун моюнуна алат. Айтымында, компаниянын жетекчилигине кылмыш иши козголуп, фондго 8 млн. сом кайтарып берүү милдеттендирилген. Бул фирманын мындан башка 30 миллион сомго жакын салыктардан карызы бар экени белгилүү болгон.

Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайы
Каракол шаарындагы Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайы

“Вадимир-Строй” үмүттү актабаган соң ушул эле окуу жайдын 1-имаратын оңдоого 2013-жылы кайрадан тендер жарыяланып, анда “Жоомарт-Элес” компаниясы жеңген. Ага жалпы жонунан 1 млн. 750 миң сом бөлүнүп, бирок учурда имарат чала оңдолгон бойдон турат. “Жоомарт-Элес” компаниясына 2010-жылдан бери бир нече жолу кылмыш иши козголгонуна карбастан, 2013-жылы тендерде өтүп кеткен.

Руслан Элебесов “Жоомарт-Элеске” экинчи жолу акча которгондо педагогикалык коллеждин жетекчилиги өздөрү арыз менен келгенин айтууда.

- Педколлеждин жетекчилиги акча жетпей калды, дагы 400 миң сом бөлүп бергиле деп, жетекчи өзү кат көтөрүп келген. “Жоомарт-Элеске” которуп бергиле, ушул компания жасайт деп. Байкоочу кеңеш ага чейин чыр болгонуна карабастан, эгер жетекчилик өзү жоопкерчилик ала турган болсо которуп берели деп колдогон.

Мына ушундай эле көрүнүш Балыкчы шаарында да орун алып, калаа бийлигин беймаза кылууда. Өнүктүрүү фонду эки жылдай мурун 5 млн. 300 миң сомго тендер жарыялап, мурдагы Балдарды реабилитациялоо борборун бала бакча кылып курдурта баштаган. Мындай жумушту «Азия Сервис ЛТД» аткарып жаткан. Мындан сырткары Өнүктүрүү фонду былтыр мэрияга кичи автобус сатып бермек болуп, “Инсан ЛТД” фирмасына акча которгон.

"Бирок акчадан да, кичи автобустан да азыркы кезге чейин дайын жок" дейт Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев. Ал эми бала бакча курулушунун жүрүшү тууралуу буларды айтты:

- Аларга тийиштүү ремонтун дагы деле бүтүрө элек. Айла кеткенде ишембилик өткөрүп, айланасына бак тиктирип, короосуна брусчатка тиздирип, эптеп жасамыш этип койдук. Келип-кетип эле атышат. Өнүктүрүү фондунун жетекчиси келди, байкоочу кеңештин төрагасы Маликов, губернатор Каптагаевден бери келип көрүп кетишкен. Мына-мына бүтүрүш керек болуп эле, жыйынтык чыкпай келатат.

Бирок Өнүктүрүү фондунун жетекчиси шаар мэри Марат Турдубаев койгон дооматтарга макул эмес. Айтымында, бала бакчада жасала турган жумуштун баасын Балыкчынын мурдагы мэри 804 миң сомго жогорулатып жиберип, акча тартыш болуп, ортодо курулуш токтоп калган. Андыктан Руслан Элебесов Балыкчы шаарынын жетекчилиги учурда негизсиз арызданып жатат деп эсептейт.

- Жасала турган жумуштарды мурдагы мэр өзгөртүп салды дагы жумуштан кетти. Эми жаңы мэр дагы келип алып туура эмес деп жатат. Туура эмес экенин биз да көрүп турабыз, бирок бир аз тилектештик деген болушу керек да. Мэр мурдагы кеткен каталарды чукубай, азыркы акчасын алып, жумушун жасай берсе болмок.

Элбесов эгер калаа жетекчилиги Өнүктүрүү фондуна нааразычылыгын токтотпосо, фонд да Балыкчы шаарына карата саясатын өзгөртүп коерун эскертти.

Негизи эле 2010-жылдан бери Өнүктүрүү фондунун тендеринен өткөн 17 фирмага кылмыш иши козголгон. Анын төртөө боюнча сот иштери азыр да уланууда. Мына ушундан улам Ысык-Көл облусунун кошмо жыйынынын депутаттары фонддун каражатын дирекцияга эмес, район, шаар жетекчилерине тикелей бөлүп берип, тендер өткөрүү, курулушту көзөмөлдөөнү жергиликтүү бийликтерге жүктөө керек деген талапты коюшкан.

Кошмо жыйындын төрагасы Сейит Өскөнбаев буга чейин ишмердигине доо кеткен компаниялар фонддун тендердик комиссиясынан кайрадан өтүп жатышы шек туудуруп жатканын айтты:

- Өнүктүрүү фонду эки жыл мурун Каракол шаарына жол тазалоочу грейдер сатып берген. Кийин анын сапатсыз экени билинип, каржы полициясы мындан мамлекетке 800 миң сом зыян келгенин аныктаган. Биз бул боюнча президентке чейин кайрылганбыз, бирок жыйынтык жок. Иштин баары прокуратура, сотко жетип эле жабылып калып атат.

Өскөнбаев тендердик комиссиянын беделине дагы бир далил катары Каракол шаарынын Гагарин жана Коенкозов көчөлөрүнүн курулушун азыркы учурга чейин бүтүрбөй келаткан компания быйыл башка көчөнүн жолун ремонттоого тендерде тандалып алынганын билдирди. Бирок шаардык кеңештин кийлигишүүсү менен мэрия бул тендердин жыйынтыгын кайра буздурган. Фонддун жетекчилиги Кумтөрдөн түшкөн каражатты жергиликтүү бийликтерге түз бөлүп берүүгө караманча каршы.

XS
SM
MD
LG