Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Super.kg кастыкты козуткан деп айыпталууда


Кыргызстандагы super.kg сайты улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталып жатат.

Ички иштер министрлиги сайттагы ушундай мазмундагы видеоролик боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Сайт жетекчилиги видеону жүктөгөн кызматкерге тиешелүү чара көрүлгөнүн билдирди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев айрым гезиттер улут аралык жаңжалды тутантып жатканын айтып, күч органдарын чара көрүүгө чакырган. Андан кийин кыргыз өкмөтү кастыкты козуткандарга жазаны катаалдантуу сунушу менен чыккан.

Улут аралык кастыкты козуткан видеонун жайгаштырылышы боюнча ИИМдин 10-башкармалыгы териштирип жатат. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, super.kg сайты бул видео тасманы Facebook социалдык түйүнүнөн жүктөп алган:

- Facebook түйүнүндө эле видеого байланыштуу толтура пикир жазылып, бири-бири менен уруша баштаган. “Сооп болот, ушундай кылыш керек” дегендей пикирлерди жазганга чейин барышкан. Super.kg болсо бул видеону өздөрүнө жүктөп алган. Фейсбукка көп деле адам кирбейт да, ал эми булардын сайтын колдонгондор көп.

Super.kg порталынын жетекчиси Бактыгүл Сокушеванын билдиришинче, бул видеону сайттын кызматкерлеринин бири “Элдик видео” деген бөлүмгө колдонуучу катары жүктөгөн. Улут аралык кастыкты козутууга жол бербөө деген талапка ылайык, эртеси күнү кайра алынган. "Учурда бул кызматкерге тиешелүү чара көрүлдү",- дейт Сокушева:

- Ал видеону порталдын кызматкерлеринин бири Фейсбуктан көрүп, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу FAKT.KG сайтына кирип көрүп, көчүрүп алып, бизге колдонуучу катары жүктөгөн экен. Биздин порталдын колдонуучулары үчүн эрежелердин катарында улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Муну эске албай модератор ал видеону жандырып койгон. Ал эми эртеси 12-сентябрь күнү редактор көрүп, порталыбыздан алдырып салган. Эми аталган эрежени сактабагандыгы үчүн ал колдонуучу порталдан четтетилди. Ал эми мындай ката кетирген кызматкерибизге тийиштүү чара көрүлдү.

Өзбек тектүү балдардын эки кыргыз баланы опузалап, ур-токмокко алып жатканы тууралуу видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Тартип коргоо органдарынын божомолуна ылайык, мындан үч жыл мурун коога учурунда болушу мүмкүн.

Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев айрым маалымат каражаттар анда жарыяланган макалалардын кесепет-таасирин эске албаган жагдайлар болуп жатканын белгиледи:

- Журналисттер асмандан түшкөн адамдар эмес. Маалымат топтоп, маалымат жеткирүү жагынан шыгы бар, мүмкүнчүлүгү кеңирирээк гана болбосо, коом кандай болсо, журналистикабыз деле ошондой. Коомдо кандай ой-пикир болсо журналистикада деле ошондой ойлор жүрүп жатат. Коомдо көп жагынан чабалдыгыбызды көрсөтүп жатабыз, журналистикада деле ошондой болуп атат. Бул жерде “мен жазган макала, мен жасаган нерсе адамга зыян алып келбейби” деген нерсени кээ бир учурда ойлонбой коюп жатабыз.

Былтыр жыл этегинде президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү айрым гезиттер улут аралык жаңжалды козутуп жатканын билдирип, күч органдарын чара көрүүгө чакырган болчу. Андан көп өтпөй кыргыз өкмөтү кастыкты козуткандарга жазаны катаалдантуу сунушу менен чыккан. Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев мындай чаралар менен маселе чечилбесин айтууда:

- Бийликтегилер, депутаттар деле жазаны катаалдантуу менен гана маселени чечүү мүмкүн эместигин жакшы билет. Ошол маселенин себептерин аныктап чечүүгө аракет кылганда абал оңолбосо, жазаны күчөтүү чоң жыйынтык бербейт. Мындай кылуунун зарылчылдыгы деле жок болчу. Мисалы, Кыргызстанда жакшы мыйзамдар көп эле, кеп алардын аткарылышында болуп жатпайбы.

Кыргыз өкмөтү Кылмыш-жаза кодексиндеги 299-берене боюнча жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатат. Ага ылайык, улуттук, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козутту деп айыпталгандарга айыппул такыр салынбайт жана сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кароодон өткөн.

Кыргызстанда айрыкча июнь коогасынан кийин улут аралык араздашуу талылуу маселелерден болуп калды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG