Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Дунгандарды кооптондурган мушташ


Кыргызстандагы дунгандардын бир тобу базарларда жашылча-жемиш сатып, оокат кылышат. (Сүрөттө: Бишкектин Ош базарында жашылча саткан дунган аял. 15-июль, 2011. )
Кыргызстандагы дунгандардын бир тобу базарларда жашылча-жемиш сатып, оокат кылышат. (Сүрөттө: Бишкектин Ош базарында жашылча саткан дунган аял. 15-июль, 2011. )

Кыргызстандын дунгандар диаспорасы жергиликтүү кыргыздар менен дунгандардын өкүлдөрүнүн араздашы улут аралык чатакка айланып кетпесе экен деп кооптонуп жатат.

Дунган улутунун өкүлдөрү мындай тынчсыздануусун вице-премьер-министр Токон Мамытов менен кечээ болгон жолугушууда билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында 11-августта Ысык-Ата районунун Достук айылындагы эки улут өкүлдөрүнүн мушташы үчүн күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланышы керек деген тыянак чыкты. Дунгандардын кайрылуусунун негизинде окуяны иликтөө үчүн Ички иштер министрлиги атайын топ түзмөй болду.

Ысыкаталыктардын мушташына кара жолду бойлой жайгашкан дүң соода базарындагы дунган соодагерлердин жашылча-жемиштерин кыргыз жаштарынын тартып алышы себеп болгон. Натыйжада дунган улутундагы төрт киши катуу жабыркап, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы дунгандар диаспорасынын жетекчиси Бахадыр Сулейманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында олуттуу экенине карабай, окуяга жергиликтүү бийлик караманча маани бербей койду:

- Бардыгы кызыгып сурашат, бирок аракет жок. Тиги кишилер болсо эки күндөн бери санааркап отурушат. Кечээ жергиликтүү балдар келип, арызданып-даттанып атасыңар деп опузалап кетишиптир. Аким менен райондук милициянын башчысы ишти жөнгө салууну жаштарга тапшырыптыр.Туура эмес кылышкан.

Дунган жана кыргыз улутундагы жергиликтүүлөр ортосунда чырлар быйылкы жаздан бери эле Александровка, Милянфан, Ырдык айылдарында катталган. Кылмыштуу топтор аралашты деген имиш менен коштолгон акыркы Ырдык чатагындагы беш-алты кишинин мушташын Жети-Өгүз районунун милициясы кезинде тиричиликтен чыккан араздашуу деп түшүндүргөн. Бул айылдын тургуну Шерба Москуев ал жерде эч кандай улут аралык араздашуу жок, эл айтып аткан мушташ эчак эле тынчыган деп ишендирди.

Бирок депутат Сулейманов айыл-айылда чыга калып аткан бул өңдүү окуяларга жергиликтүү бийликтер маани бербей, тескерисинче жашырып-жапканга аракет кылышып, ал аркылуу иштин ырбашын шарттап жатышат деп тынчсызданды:

- Бул жаман белги. Булар тиричилик деңгээлиндеги эле чатактар. Ага саясий боёк сүртүүнүн кереги жок. Бирок башкалар улуттук өң-түс бербеши үчүн мен жергиликтүү бийликтин чара колдонушун каалайм. Алар иштебесе, айыптууларды жазалабаса бул маселе сөзсүз улут аралык маселеге айланып кетет.

Депутаттын ишениминде, кандай болбосун эки улут өкүлүнүн өкүлүнүн урушу Кыргызстанда улут аралык мамиледеги мандемдин белгиси катары кабылданат. Жер-жерлерде мындай чатактар байма-бай катталып келатканын вице-премьер министр Токон Мамытов да “Азаттыкка” берген интервьюсунда төгүндөгөн жок, бирок бийлик араздашуулардын тереңдешине жол бербесине ишендирди:

- Жеке эле дунган эмес, уйгур, орус, өзбек, дегеле Кыргызстанда жашаган бардык башка улуттар менен кыргыз улутунун ортосундагы жаңжалдарга биз жол бербешибиз керек. Буга өкмөт түздөн түз жооп берет.

Жалпысынан Кыргызстанда жашаган калктардын саны сексенден ашык экендиги айтылып келатат. Алардын ичиндеги 70 миң чамалуу дунган улутундагы кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Чүй, Ысык-Көл облустарында отурукташкан.

Июнь окуясы деген ат менен белгилүү болгон 2010-жылкы кыргыз-өзбек жаңжалынан кийин улут аралык мамиле Кыргызстандын саясатындагы талылуу маселелердин бирине айланган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG