Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Улуттарга мамиле жакшырдыбы?


АКШ Мамдепартаментинин адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы тууралуу соңку отчетунда Кыргызстанда улут аралык жагдай дагы эле оор деп белгиленет.

Мындан сырткары өлкөдө атайын камоолор, өзгөчө этникалык өзбектерге, демографиялык, диний топторго карата кыйноо, ырайымсыз мамиле уланып жатканы айтылат.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Накен Касиев, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова, Оштон укук коргоочу, юрист Изатулло Рахматуллаев.

“Азаттык”: Накен агай, сиз бул отчетко макул эместигиңизди айтып чыктыңыз. Чын эле азыр улут аралык жагдай жакшы, маселе жок деп эсептейсизби? Эмне менен негиздейсиз?

Накен Касиев: Жок, мен антип айта албайм. Улут аралык маселе болгон жана бүгүнкү күндө да бар. Бирок ал кандай деңгээлде? Мисалы, 2010-2011-жылдар менен азыркынын айырмасы бар.

Мамдепартаменттин отчетунда белгиленген, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мырзанын айрым айткандарына макул эмесмин. Акыркы он күндө Ошто жана Жалал-Абадда болуп келдим. Этникалык топтор менен жолугуп, алардын ой-пикирлерин уктум. Бир беткей да, кыргыз-өзбек өкүлдөрүн бириктирип да, орус, татарлар менен өзүнчө жолугуштук.

Отчетто бүгүнкү күндө деле абал мурдагыдай, бир улутка өкмөт тарабынан дискриминация уланып жатат, айрыкча Жалал-Абад, Ошто деп айтылыптыр. Кандай түрдө экени айтылбайт. Өкмөт тарабынан кандай дискриминация болушу мүмкүн эле? Биринчиден, кадр маселеси боюнча. Жакынкы эки-үч ай ичинде агенттиктин эки-үч жетекчиси же анын орун басары өзбек улутунан дайындалды. Бул да жакшы маанай деп эсептейм. Акыркы 20 жылда кадр маселесинде мындай болгон эмес. Ал эми мен кезигип келген бир жума ичинде дискриминация болуп жатканын, кыйнап, кодулап, акчасын тартып алган жагдайларды байкай алган жокмун.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстанда адам укуктары, өзгөчө улут аралык жагдай курч дегенге макулсузбу?

Азиза Абдирасулова: Бул жерде улут аралык деген нерсени абайлап айтышыбыз керек. Мисалы, биз Ош, Жалал-Абад жергесине барганда кошуна жашаган кыргыз менен өзбектин мушташканын көргөн жокпуз. Алар тескерисинче бири-бирин сактап, бекитип, оор күндө нанын бөлө жеп отурушту. Бул жерде азчылык улуттун өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан мамиле кандай болуп жатат дегенди карашыбыз керек. Ата катары мунун баарын мамлекет чечиши керек.

Эки улут бири-бири менен кагышып атат деп эле эки элди жамандай бергенден алыс болушубуз зарыл. Отчетто белгиленген улут аралык деген нерсеге кошулгум келбейт. Бирок анын ичиндеги бир топ фактылардын бүгүнкү күндө орду бар.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунда 2010-жылдагы июнь окуясында 492 адам каза болгон деп катталып жүрөт. Ошонун 70 пайыздан ашууну өзбек улутундагылар болсо, ал боюнча бүгүнкү күндө бир да кылмыш иши ачылган эмес. 350дөн ашуун өзбек улутундагыларды ким өлтүргөнү белгисиз болуп калып жатат.

Изатулло Рахматуллаев: Акыркы үч жылды алганда, учурда Ошто улут аралык мамиле жакшы болуп калды. Бул жерде эки элдин ортосунда чыр-чатак болгон жок. Бул жерде мамлекеттик органдар урушуп, тополоңго чагым кылышты. Азыр көчөдө, базарда дейбизби кыргыз менен өзбектин ортосунда чыр-чатак аябай аз. Бирок укук коргоо органдары, мамлекеттик органдар жагынан дагы деле анча-мынча дискриминация болуп турат. Ош шаарында жаңы жетекчи келди, азыр абал жакшы болуп калды. Бирок Кара-Суу, Араван райондорунан элден абдан көп арыздар түшөт. Фактылары бар, арыз менен кайрылып жатабыз. Жыйынтык кээде болот, кээде болбойт.

XS
SM
MD
LG