Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Кыш жарыксыз, газсыз башталды


28-ноябрда кечинде Бишкектин түндүк-түштүк тарабы электр жарыксыз калды. Энергетика жана өнөр жай министрлиги аны “Фрунзе” подстанциясында болгон авария менен байланыштырды. Бирок депутаттар кышка даярдык жылдагыдай эле начар болуп, андан эл жабыркап жатканын билдирүүдө.

Кыргызстанда кыш отун-суунун жетишсиздиги, үзүл-кесил электр жарыгы менен коштолуп келет. Быйылкы жылдын кышы да андай көнүмүштөн сырт калбай тургандай. Анткени кыш башталып-башталбай электр жарыгын өчүрүүлөр, газдын жетишсиздиги, чыңалуулардын көбөйүшүнөн авариялар көп каттала баштады. Мисалы, энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун 29-ноябрдагы билдиргенине караганда, күн сайын бөлүштүргүч компанияларда 40ка чейин авария болуп турат.

28-ноябрдын кечинде “Фрунзе” подстанциясында ири авария болуп, анын айынан Бишкектин түндүк, түштүк тарабы, Кызыл-Аскер району, Арча-Бешикте электр жарыгы өчүп калган.

Казакстандан келип жаткан газдын басымы азайгандыктан, жер үйлөргө газ берүү токтотулган.

Электр жарыгын өчүрүүлөр региондордо да орун алып жатканы айтылууда. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Ноокат районунда жалпы өчүрүүлөр болуп жатканын билдирди:

- Ноокатта, Араванда жалпы өчүрүүлөр болуп жатты. Мен өзүм көрдүм. Ошол жерде бир жума жүрдүм.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов депутатка жооп берип жатып, жалпы өчүрүүлөр Кыргызстанда жок экенин, андай өчүрүүлөр болуш үчүн өкмөттүн атайын чечими керектигин билдирди.

Ал эми орун алып жаткан өчүрүүлөр пландуу мүнөздө Калмамбетов кошумчалады:

- Авариялык өчүп калуулар тууралуу алдын ала айта албайбыз. Пландуу өчүрүүлөр болсо радио, телекөрсөтүү аркылуу айтып жатабыз. Азыр көбүнчө Оштун тегерегинде өчүрүлүп жатпайбы. Ошол жерде эртең менен жетиден кечки саат жетиге чейин өчүрөбүз деп маалымат берип жатабыз. Айыл өкмөттөр менен иштеп жатабыз.

Акыркы жумаларда өлкөнүн түндүк региону газдын жетишсиздигинен жабыркап жатат. Анын себебин “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев мындайча түшүндүрдү:

- Бир жумадан бери проблема өлкөнүн түндүгүндө болуп жатат. Казакстандан газ жакшы эле келип жатты эле, бирок Өзбекстан Казакстанга газ берүүнү азайткан үчүн бизде бир жумадан бери проблема болду.

Кулмурзаевдин айтымында, Казакстан газ берүүнү азайтып, болгону саатына 34 миң кубметр газ берип жаткан. Кечээ жакындан тарта 41 миң кубметр бере баштады. Ошондуктан жер үйлөргө газ бериле баштады. Ал эми Бишкек Жылуулук борборуна газ берүү өткөн жумаларда эле токтотулуп, тамызгы катары газдын ордуна мазут жагыла баштаганы маалым.

“Кыргызгаздын” "Казтрансгазга" карызы 3.5 млн. доллар, ал эми Өзбекстанга 80 миң доллар болуп жатат. Өз кезегинде бюджеттик уюмдардын жана ишканалардын “Кыргызгазга” карызы 5 млн. 500 миң доллар болууда.

Мына ушундай карыздарга карабай, декабрь айынын соңуна чейин газ сатып алууга келишим бардыгын Тургунбек Кулмурзаев белгиледи. Ал эми өлкөнү келерки жылы газ менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр адатта жаңы жыл алдында башталат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG