Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Азык-түлүк: Кышка даярбызбы?


Расмий маалыматтар боюнча, быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү былтыркыга караганда дээрлик 250 миң тоннага аз жыйналды.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Эсенгул Исаков жана Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Жумабек Акылбеков катышты.

“Азаттык”: Расмий маалыматтар боюнча, быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү былтыркыга караганда дээрлик 250 миң тоннага аз жыйналыптыр. Казакстан буудайын эки эсе кымбаттатты. Быйыл ун-дан жагынан маселе болбойбу, Жумабек мырза?

Акылбеков: Быйыл былтыркыдан 260 миң тонна буудай аз жыйналды. Бул тууралуу биз май айында эле өкмөткө билдиргенбиз. 4-майда атайын ушул маселе боюнча өкмөттө азык-түлүк коопсуздугу боюнча атайын жыйын болуп, анда Казакстандан 100 миң тонна буудай сатып алуу мамлекеттик материалдык резерв фондуна тапшырылган.

Ал эми биздин министрликке Орусия менен сүйлөшүп, дагы 100 миң тонна буудай алуу милдети жүктөлгөн. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өткөндө бизге жасаган сапарында казак президенти Нурсултан Назарбаев 200 миң тонна буудайды карызга берүүгө макул болуп, эки тараптуу келишим түзүлдү.

Биздин министрлик азыр Орусия менен иштеп атабыз, алар 100 миң тонна буудайдын 20 миң тоннасын грант катары, калганын насыяга берүүгө макул болушту.

“Азаттык”: Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл 93% камсыз болдук деп атат. Демек быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт деп ишене берсек болобу, Эсенгул мырза?

Исаков: Мен бул маалыматка ишенбейм. Анткени быйыл бардык облустарды кыдырган учурда өз көзүм менен көрдүм. Буудайлар көпчүлүк жерде суу жоктугуна байланыштуу өспөй калды. Төрт ай жаан жааган жок, кургакчылыктан улам буудайлар бою узарбай эле баш байлап, комбайнга илешпей калды. Мындай абал өзгөчө жалпы Кыргызстандын кампасы болгон Сары-Өзөндө байкалды.

Расмий маалыматтар 250-260 миң тонна аз жыйналды деп берилген маалыматка да ишене бербейм. Ошондуктан биз муну жакшылап изилдеп, парламенттен көзөмөл кылып, кайра бир карап чыкпасак, кышында, же жазга маал азык-түлүк таңкыстыгына учурап калышыбыз ыктымал. Азыр түзүлүп жаткан өкмөт да ушул маселени биринчи иретте карап, тиешелүү акчаны мамлекеттик материалдык резерв фондуна берип, элден буудайды эртерээк сатып алуу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Өкмөт мамлекеттик материалдык резервге Казакстандан ун сатып алууга 300 млн. сом бөлдү деген маалыматтар бар. Бирок ошол акча берилди беле деген суроо туулат. Анткени Каржы министрлиги айыл чарбасы үчүн берилчү бардык насыялар жаңы өкмөт ишке киришкенге чейин токтотулат деп маалымдоодо.

Исаков: Маселенин баары өкмөт акчаны мамлекеттик материалдык резерв фондуна берип, азык-түлүк коопсуздугун алардын мойнуна илип койгонунда жатат. Азык-түлүк коопсуздугуна Айыл чарба министрлиги жооп бериши керек. Ошондуктан акча каражатты бөлгөндө анын эффективдүүлүгүнө көңүл буруу керек. Мына быйыл айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн берилген 1 млрд. сомду да “Айылбанк” аркылуу берип алып, өкмөт акчасы кайда, кимдерге берилгени тууралуу сурай алган жок.

“Азаттык”: Буудайдын түшүмү аз болуп калышына эң ириде Айыл чарба министрлиги жоопкер. Сиздер тараптан кандай аракеттер жетишсиз болуп калды?

Акылбеков: Айыл чарба министрлиги азыр дыйкандардын кандай иштеп жатканын текшере албайбыз. Мурдагыдай жер-жерлерде аларды эгинди убагында сугардыбы, дарысын бердиби дегендей текшерүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Буга улам өкмөт алмашкан сайын Айыл чарба министрлигин реформалап, андан натыйжа чыкпай жатканы негизги себеп болууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG