Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Казакстанда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды


Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)
Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)

Караганда облусундагы жол кырсыгында Кыргызстандын он алты жараны мерт болуп, дагы экөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Бардык маалыматтарды топтогондон кийин кырсыктын болжол менен кандай болгонун мындайча сүрөттөсө болот. 8-майга караган түнү Алматы-Екатерингбург унаа жолунда, Караганда облусуна караштуу Ак-Жал айылынын жанында Ssang Yong үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу КамАЗ менен кагышып, айдоочусу менен кошо 16 адам мерт кетип, эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу да, ичиндеги жүргүнчүлөрү да Кыргызстандын жарандары экенин маалымдады.

Окуя тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Унаада 18 адам бар экен, анын айдоочусу жана 15 жүргүнчү мерт болду. Эки киши Балхаш райондук ооруканасына жеткирилди. Биздин алган маалыматтар боюнча, баары Кыргызстандын жарандары. Алар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан чыгып, Орусияга жөнөгөн экен. Мерт болгондордун жасаты азыр Балхаштагы моргго жеткирилди.

Элчинин айтымында, кырсыктан жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы оор.

Бүгүн түш оой Тышкы иштер министрлиги бул кырсыктан мүрт кеткендердин аты-жөнүн жарыялап, бирок кечке жуук бул тизме болжолдуу экенин кошумчалады. Анткени автобустун ичинен Орусияда жашаган кыргызстандыктардын да паспорттору табылган:

1. Абит уулу Азизбек, 2000-жылы туулган.
2. Миркамил кызы Зилола, 2012-жылы туулган.
3. Боронов Давлет, 1963-жылы туулган.
4. Чороев Алишер, 1964-жылы туулган.
5. Жакып уулу Рустам, 1970-жылы туулган.
6. Камил кызы Умида, 1992-жылы туулган.
7. Азим кызы Шаира, 1985-жылы туулган.
8. Султанова Гулбадам, 1986-жылы туулган.
9. Алымкулова Алтын, 1981-жылы туулган.
10. Хажибай кызы Зеба, 1985-жылы туулган.
11. Күрүчбеков Тиркеш, 1982-жылы туулган.
12. Күрүчбеков Расул, 1977-жылы туулган.
13. Халикбаев Ядигор, 1984-жылы туулган.
14. Искендер кызы Чолпонай, 1979-жылы туулган.
15. Султанов Нурлан, 1984-жылы туулган.
16. Халикбаев Зиярбек, 2004-жылы туулган.


Жабыркагандар:

1. Хурбай кызы Феруза, 1995-жылы туулган.
2. Ырыс уулу Мухидин, 1994-жылы туулган.

Булардын баары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылынын тургундары экен.

Ал эми Казакстандын жарандары болгон КамАздын айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү ооруканада.

Жол кырсыгына кыргызстандыктарды тартып бараткан кичи автобустун айдоочусунун көзү ызгып кеткени себеп болгону айтылууда. Мындан улам ууна жолдун каршы тилкесине чыгып кеткенин Караганды облустук ички иштер департаментинен тастыкташты.

Аталган мекеменин коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жанатай Сембековдун айтымында, кырсыктын алдында эле унаада жүргүнчүлөрдүн саны ашыкча болгону үчүн айып пул салынган экен:

- Кырсыктан бир аз мурда, 22.45те Алматы-Екатеринбург авто жолунун 632 чакырымында аталган Ssang Yong авто унаасы жол көзөмөлдөө полициясынын кызматкерлери тарабынан токтотулуп, анда ашыкча жүргүнчүлөр бар экени аныкталган. Мындан улам Казакстандын административдик кодексинин 463-беренесине ылайык, ашыкча жүк болгону үчүн айып пул салынган экен. Бирок андан көп өтпөй эле мындай кырсык болуп отурат. Алдын-ала версия боюнча Ssang Yong кичи автобусунун айдоочусу унааны башкара албай, жолдун каршылаш тарабына чыгып кеткен.

Учурда Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн атайын штаб мерт болгон 16 адамдын сөөгүн мекенине алып келүү аракетин көрө баштады.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин кызматкери Руслан Маткеримовдун айтымында, кырсыктан мерт кеткендердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү чыгымын мамлекет мойнуна алышы мүмкүн:

- Жакын арада бул маселенин баары чечилет. Бул боюнча Казакстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгошподубу. Ошондуктан алардын уруксатын алуу керек. Ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Муну чечсек эле алардын сөөктөрү алынып келет. Көрүлө турган жардамдар тууралуу да маселе көтөрүлүүдө. Балким чыгымдарды мамлекет өзүнө алышы мүмкүн.

Кырсыкка кабылгандардын баары Жалал-Абад облусунан Орусияга иштегени бараткан мигранттар экени болжолдонуп жатат. Алар түн катып Орусиянын Екатеринбург калаасына сапар алышкан. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграциялык кызматтын маалыматына караганда, алар эч кандай каттоодон өткөн эмес.

Мигранттар менен иш алпарган “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Айдар Олжобаев эч жерде катталбастан, тобокелге салып минтип жолго чыккандар абдан эле көп экенин айтат:

- Ушунтип күн катып, түн катып кетип кырсыкка кабылгандар абдан эле көп. Анан көпчүлүк мигранттар жол акы арзандыгына карап таксилерге отурушат. Алардын лизенциясы барбы, машиненин техникалык абалы кандай, айдоочу эс алганбы, эч ким сурабайт. Ушундай жол менен ар ким кирди-чыкты билген намазын окуп жүрүшөт. Мунун айынан кырсыкка кабылгандар абдан эле көп. Бул дагы көп адам каза болуп билинип калбадыбы...

SsangYong Istana кичи автобусу 1995-жылдан 2003-жылга чейин Түштүк Кореяда чыгарылган. Ага 9дан 15 жүргүнчү сыя алат. Ал эми кырсыкка кабылган кичи автобуста 18 адам болгон.

Кырсык болгон жерден сүрөтбаян

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG