Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Теңгенин арзандашы калкты кабатыр кылды


Казакстандын улуттук акчасы - теңге 11-февралда 20-30 пайызга чейин арзандатылып, девальвация жасалды.

Казак өкмөтү девальвацияга атайын барганын айтканы менен, теңгенин наркынын түшүп кетиши казакстандыктар үчүн күтүүсүз окуя болду. Бул өз кезегинде каржы рыногунда башаламандыкты жаратып, чайкоочулукка да жол ачты. Ал эми Кыргызстанда сом канчалык туруктуу? Теңгенин арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Теңгенин куну түшкөндө

11-февралда Казакстан теңгени девальвация жасады, башкача айтканда анын буга чейинки курсун жасалма колдоп туруу чечиминен баш тартты. Ага ылайык, теңгенин куну расмий 19 пайызга чейин арзандаса, каржы рыногунда 30 пайызга чейин түшүп кетти. Теңгени девальвация кылууга барып жатышканын Казакстандын улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов 11-февралда журналисттерге маалымдады.

- Улуттук банк бүгүнтөн баштап, теңгенин буга чейинки курсун, атап айтканда 1 доллар 155 теңге болуп турган наркын мындан ары колдоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Теңгенин долларга карата жаңы курсун айтсак, 1 доллар 185 теңгенин айланасында болот.

Казакстандын улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов бир апта мурда эле теңгенин девальвация болушу күтүлбөйт деп казакстандыктарды ишендирген. Бүгүнкү жасалган кадамды ал бир катар себептер менен түшүндүрдү.

Бирок акча базарында жана банктарда бир доллардын наркы 200 теңгеден ашып, теңгенин 30 пайызга чейин түшүп кеткени байкалды. Туруксуздуктан улам, акча алмаштырууну токтоткон банктар, убактылуу жабылган дүкөндөр да болду. Алматылык социолог-экономист Гадилбек Аким теңгенин девальвация болору күтүлүп жаткан, бирок анын тез жана бүгүн болорун эч ким ойлогон эмес дейт.

- Бул мурдатан күтүлүп жаткан процесс болчу. Бирок доллардын кайсы деңгээлге чейин көтөрүлөрү тууралуу божомол болгон эмес. Эртең менен бирөө 1 доллар 200 теңгеге чейин чыгат деп жазганда, мен аны тамашалап жатса керек деп ойлогом.

Бишкек: теңге көтөргөн эле киши

Теңгенин бир эле күндө түшүп кетиши казакстандыктардын өзүн гана эмес, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларды да дендароо кылды. Акча алмаштыруучу жайлар 11-февралда үч саатка жакын теңгени сатып алуудан баш тартып турушту. Анын себебин Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын биринде иштеген Дамирбек Курманалиев теңгедеги туруксуздук менен түшүндүрдү.

- Бир аз мурда теңгени алууну токтотконбуз. Бирок азыр эң төмөнкү курс менен алып баштадык. Мисалы, долларга айта турган болсок, кечээ 1 доллар 156 теңге болуп жаткан. Азыр 1 доллар 205 теңге болуп жатат. Сомго карата айтсак, кечээ 1 теңге 0,32 тыйын болуп жаткан. Ал эми бүгүн 0,25 тыйындан алып жатабыз.

Дамирбек Курманалиевдин пикиринде, теңгедеги кырдаалдын туруксуздугунан жана анын арзандап кетишинен улам аны товарга айлантып калууну көздөгөн соодагерлер да болууда. Бишкектеги "Дордой" базарындагы басымдуу товар Казакстанга кетет. Демек, анда кандайдыр бир деңгээлде теңге менен да соода жүгүртүлөт. "Дордойдо" соода кылган Жаныбек Калыковдун айтымында, 11-февралда теңгенин арзандаганы билине электе базардагы дүң соода аягына чыгып калган.

- Эл анчалык деле ызы-чууга түшө элек. Дордойдогу дүң соода кылгандар саат ондо эле товар алып бүтүшкөн.Теңгенин арзандаганы белгилүү болгондо биздин соодагерлердин товарларын алып кетишкен. Теңге базарда да арзандады. Мисалы, кечээ эле 10 миң теңге 3030 сом болуп жатса, азыр 2000 сом гана болуп калды.

Сомдун курсу кандай?

11-февралда Кыргызстанда да доллардын сомго карата өсүүсү байкалды. Бир күн мурдагыга караганда эң аз дегенде 50 тыйынга кымбаттаган. Бирок Улуттук банк Кыргызстандын акча рыногунун табияты Казакстан менен Орусияныкынан кыйла айырмаланарын, андыктан улуттук валюта-сомдун курсунун түшүп кетүүсү же девальвация болуусу күтүлбөгөнүн билдирди.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтымында, Кыргызстанда сомдун курсун акча базары өзү аныктайт.

- Булардын улуттук банктары рыноктун алдында жүрөт. Алдын ала коридор түзүп, ошого жараша интервенция жасап турушат. Бизде андай эмес. Биз рыноктун артынан жүрөбүз. Рыноктун катышуучулары банктар, ошондой эле экспортер-импортерлер. Алардын суроо-талаптарына жараша акчанын көлөмү азайып же көбөйүп, курс рынокто өзүнөн-өзү өйдө-ылдый жылып турат.

Деген менен Кыргызстандын улуттук банкы 11-февралда жыл башынан бери каржы рыногунда төртүнчү жолу интервенция жасады. "Бирок тынчсызданууга негиз жок",- дейт Сүйөркул Абдыбалы тегин.

- Буга чейинки интервенциялардын суммасы 34 млн. доллар болгон. Бүгүн болсо соода али жабыла элек. Ал жабылгандан кийин анын суммасын айтабыз. Болгону Казакстандагы күтүүсүз девальвацияга байланыштуу эл кабатыр болуп жатат окшойт. Бирок ага негиз жок, банктарда жетиштүү накталай акча бар.

Ал эми жыл башынан бери алганда доллардын курсу эки сомго чейин кымбаттаганы байкалды.

Буга чейин орус жана беларус рублдарынын да курсу төмөндөгөн. Эксперттердин пикиринде, теңгени арзандатуу кадамына казак бийлиги Бажы биримдигиндеги мамлекеттер менен соода-алакасынын көлөмүнүн жогору экендигин эске алып жана казак теңгесинин курсун уюмга мүчө мамлекеттердин валюталарына теңдеш үчүн да барышы мүмкүн. Девальвацияны адатта карапайым калк үчүн зыяндуу болгону менен мамлекет үчүн пайдалуу деп түшүндүрүлөт.

Казакстандагы теңгенин девальвация болушунан улам жаралган дүрбөлөң бир-эки күндө турукташат деп айтылууда. Казак теңгеси буга чейин 2008-жылы девальвация болуп, 25 пайызга чейин арзандаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG