Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Орусия бирдиктүү валюта менен кызыктырууда


Орусия Евразия экономикалык союзунун алкагында бирдиктүү валюта түзүү мүмкүндүгүн азыртадан ойлонууга чакырды.

Дмитрий Медведев мындай сунушту 15-июнда Беларус жана Казакстандын премьер-министрлери катышкан Санкт-Петербургдагы жыйында жасады. Евразия экономикалык союзу - ЕЭС 2015-жылы 1-январдан иштей баштайт деп мерчемделүүдө. Ага болочокто Кыргызстан да кошулат дешет серепчилер.

Cанкт-Петербургдагы бизнес-форум “Бирдиктүү экономикалык мейкиндик: өнөр жайды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деп аталды. Бирок жыйында Орусия, Беларус, Казакстандын өкмөт башчылары көбүн эсе орток экономикалык мейкиндиктин келечеги жөнүндө сүйлөштү.

Алсак, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 2015-жылдын 1-январында ишке кирчү Евразия экономикалык союзунун өз валютасын түзүү жагын ойлонууга чакырып, мындай деди:

- Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзөбүз жана азыр Евразия союзун куруу алдында турабыз. Мунун баары бизнес жүргүзүү чөйрөсүн сапаттык жактан олуттуу өзгөртөт.

Бирок Медведев ошол замат бул маселе жөнүндө “бүгүн тынчсызданбаса болорун” эскертип туруп, “дүйнөлүк рыноктогу бейстабилдүүлүктү эске алганда”, орток валюта зарыл экенин кыйытты. Болочок союздун жаңы акчасын киргизүү боюнча талкуу узак болорун Медведев Евразия экономикалык мейкиндигине кирген өлкөлөрдүн эксперттик кеңешин түзүүгө үндөө менен кыйыр болсо да ырастады.

Бажы союзунун негизинде түзүлчү жаңы бирикме кийин Евразия экономикалык шериктештиги - ЕврАзЭСтин алкагында кеңейт деп боолгосок, ага Кыргызстан, Тажикстан, анан барып Армения кошулат. Анткени Кыргызстан Орусия, Беларус, Казакстан курамындагы Бажы союзуна кошулганга кам көрүүдө. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов чукул арада Москвага барганда береги суроо талкууланарын орус маалымат булактары кабарлашты. Кыргызстандан кийин кезекте Тажикстан турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов Кыргыздандын Бажы биримдигине өтүүсү - Евразия экономикалык мейкиндигине карай жасалган алгачкы кадам болот дейт.

Бекматов береги мейкиндикке кошулуу Кыргызстан үчүн пайдалуу деп эсептейт. Анткен менен, анын айтышынча, кыргыз өкмөтүнө өз жарандарын уюмдун бай мүчөлөрүндөй жашоо минимуму менен камсыздай албаганы бир топ проблема жаратышы ыктымал.

Киевдик талдоочу Мирослав Корольчуктун баамында, Москванын экс-советтик өлкөлөрдү Евразия союзуна кызыктыруусу - глобалдык экономикалык кризиске байланыштуу.

- Евразия Союзунун валютасын жана анын тегерегинде күчтүү алкакты түзүүгө кызыктыруунун башкы себеби - дүйнөлүк экономикалык кризистин күчөй башташына байланыштуу деп ойлойм. Эгер Евразия Союзу түзүлүп, ага жарым-жартылай Украина кошулчу болсо, анын ишине Казакстан менен Беларус мурдагыдан жандуу катышса, бул Орусиянын экономикалык кризиске каршы күрөшүнө көмөктөшөт.

Корольчук Евразия союзу түзүлгөндөн көп өтпөй эле орток акчага өтөрүнө ишенбейт да.

- Мен Дмитрий Медведевдин мындай ишенимине кошулбайм. Анын бирдиктүү валюта түзүү маселесин ойлоно башташыбыз керек дегенин күчүн көрсөтүү жана экономикалык биримдикти түзүү мүмкүнчүлүгү чоң экенин даңазалоонун аракети деп билем.

Ал эми Беларустун Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Станислав Богданковичтин оюнча, адегенде Евразия союзун куруп, анан гана орток валюта тууралуу кеп кылуу шарт.

XS
SM
MD
LG