Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Чек арачы жоокер ур-токмоктон көз жумду


Баткендеги чек ара аскер бөлүгүндө ур-токмоктон каза тапкан жоокер Бакытбек Жураевдин мүңкүрөп калган үй-бүлөсү - атасы Маматкул Жураев, карындаштары жана иниси.
Баткендеги чек ара аскер бөлүгүндө ур-токмоктон каза тапкан жоокер Бакытбек Жураевдин мүңкүрөп калган үй-бүлөсү - атасы Маматкул Жураев, карындаштары жана иниси.

Баткендеги чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокер Бакытбек Жураев өткөн жумада ур-токмоктон каза тапты. Жаш жоокерди келишимдик негизде кызмат өтөгөн жашы улуу Урмат катуу уруп, натыйжасы кайгылуу бүткөн. Мындай окуянын болушу эл ичинде армиянын беделин сындырып, жаштардын аскердик кызмат кылуу демин суутуп жатат.

Баткен районунун Самаркандек айылынын 21 жаштагы тургуну Бакытбек үй-бүлөдө эң улуусу болгон. Мындан үч жыл мурда апасы да каза болуп, бир иниси менен эки карындашынын арка-бел туткан адамы болуп калган эле. Жыл башында жаңыдан кура баштаган үйүн бүтүрбөстөн, өз каалоосу менен аскерге кетип, кайра алты айда үйүнө сөөгү келди.

Бакытбек Жураев кызмат өтөгөн Көк-Таш чек ара бөлүкчөсү өткөн жылдын жыйынтыгы менен бардык көрсөткүчтөрү боюнча өлкөдөгү эң мыкты чек ара заставасы деп да таанылган болчу. Ички тартипти көзөмөлдөй албай, адам өмүрүн алган жогорудагы окуяга байланыштуу аталган чек ара бөлүкчөсүнүн саркери жана тарбия иштери боюнча орун басары кызматынан четтетилди.

Кочокарым чек ара бекетинде чек араны кайтарып турган Бакытбек аталган заставада келишимдик негизде кызмат өтөгөн ага сержант Урмат Садыровдун моюн тарабына урган катуу соккусунан улам, ооруканага жетпей каза болгон. Бул иш боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, ага сержант Урмат Садыров камакка алынды.

- Ага сержант Садыров КР куралдуу күчтөрүнүн ички кызмат эрежелерин одоно бузуп, натыйжада катардагы жоокер Жураев каза тапкан. Бул факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан адам өлтүрүү жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, азыр тергелип жатат. Садыровко аталган беренелер боюнча айып угузулуп, аскер соту тарабынан эки айга камакка алуу түрүндө башкоргоо чарасы тандалып алынды,-деп билдирди “Азаттыкка” тергөөчү Жигит Толкунбек уулу.

Маркумдун боздогон жакындары

Бакытбектин атасы Маматкул Жураев алпештеп өстүргөн уулунан ажырап, ичинен сыздап турган учуру. “Өз каалоом менен жөнөткөм армияга. Мен өзүм бечара кишимин, колумда эч нерсе жок. Мени караган эң чоң балам болчу. Ниет кылып үй куруп жаттык эле, ниетиме жетпедим. Баламды өлтүрүп колума беришти”,-деп муңканат.

Маркумдун бир тууган карындашы Орозгул чек ара бөлүгүнүн жетечилиги тартипти көзөмөлдөй албаганына нараазы болуп, "ишенген тирегибиз кулады, эми бизди ким камкордукка алат" деп ыйлайт.

Бактыбекти аскерге жибербей алып калалы деп таенеси Ташыгүл Газиева менен эжеси экөө көп аракет кылышыптыр, бирок жээн небереси аскердик милдетин өтөп келүүнү чечкенин так кесе билдирип, аларды токтотуп койгон экен.

Маркумдун туугандары, айылдаштары мындай кайгылуу окуядан кийин ата-энелер балдарын ишенип аскерге жибербей турганын айтып жатышат.

- Милдетин аткарып, өз мекенин коргоп келсин деп аскерге жөнөтөбүз. Ушундай боло берсе эми ким баласын жөнөтөт? Эч ким жөнөтпөй коет эми,-дейт Самаркандек айылынын тургуну Мамасадык.

Чек арачынын өлүмү аскерге барууга камынып турган жигиттердин да демин сууткан окуя болуп калды. Жашы он тогузга чыгып, эми армияга барам деп турган Сүймөнкул армиядагы терс көрүнүштөрдү тыйбаса, аскерден качкандар көбөйөт деген ойдо экенин айтты:

- Дедовщина болуп, бир жоокер каза болуптур деп уктук элдин баары. Эми коркунучтуу да, аскерге кызыгуу жоголуп жатат. Ошондуктан келишимдик негизде кызмат кылгандар менен жаш жоокерлерди өз-өзүнчө кармаш керек же башка жолун табыш керек. Антпесе мурдакыдай армиядан качкандар, акча менен калгандар көбөйөт дагы.

Маркум Бакытбек кызмат өтөгөн 2022 чек ара бөлүгүнүн саркери Руслан Закиров бир жоокердин кара ниет ишинен бүтүн чек арачылардын кадырына доо кеткенин түшүнөт. “Ушундай доо кетпеши үчүн биз тараптан бар мүмкүнчүлүк менен аракет кылып, күчүбүздү жумшайбыз эми деп ишендирип кетем”,-деп жообун берүүдө.

Алдуусу алсызын уруп, чоңу кичинесине кордук көрсөтүү кыргыз армиясындагы мурдакы советтик армиядан калган терс көрүнүштөр. Мындай уставга каршы келбеген мамилелерди түп орду менен жоюу көп күч-аракетти талап кылат. Армиянын беделин сындырган бул окуядан бийлик башындагылар туура жыйынтык чыгарып, жетиштүү чараларды көрбөсө, балдарын аскерге жиберүүдөн баш тарткан ата-энелердин, аскерден качкан жаштардын көбөйөрү турган иш.

Жоокер небересин жоктогон таенинин көз жашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00
XS
SM
MD
LG