Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Иранда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Ирандагы парламенттик шайлоо.
Ирандагы парламенттик шайлоо.

Ирандын 290 орундуу парламентиндеги 68 мандатка 136 талапкер ат салышууда. Мамлекетте шайлоо укугуна ээ 17 миллион жаран 55 шайлоо участкасында добуш берип жатышат.

Associated Press агенттиги Ички иштер министри Абдулреза Рахмани Фазилге таянып билдиргендей, шайлоо жыйынтыгы ишемби күнү чыгарылат.

Шайлоонун биринчи айлампасы 26-февралда өткөн. Анда президент Хасан Роуханинин саясатын колдогон реформачылар 106 орунга ээ болушкан, консерваторлорго 64 мандат тийген. Реформачылар коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн дагы 40 орун алышы керек.

XS
SM
MD
LG