Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Касьянов эми жумуртка чабуулуна кабылды


Михаил Касьяновго жумуртка ыргыткан учур. Видеодон алынган сүрөт. 11-февраль,
Михаил Касьяновго жумуртка ыргыткан учур. Видеодон алынган сүрөт. 11-февраль,

Орус оппозициячысы Михаил Касьянов бүгүн, 11-февралда Москвадан 200 чакырым чыгыштагы Владимир шаарында жүргөндө дагы бир чабуулга кабылды. Бул жолу аны жумуртка менен ургулашкан.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, жумуртка ыргыткандар өздөрүн Элдик-куткаруу кыймылынын мүчөлөрүбүз деп аташкан.

Орус президенти Владимир Путиндин бир кездеги өнөктөшү, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Касьянов 9-февралда торт чабуулуна кабылган эле.

Жабырлануучунун айтымында, славяндарга окшобогон он чакты адам аны коркуткан сөздөрдү кыйкырышып, бетине торт ыргытышкан.

Андан мурдараак эле чечен президенти Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасына кимдир бирөө Касьяновго көзгө атар мылтыктан мээлеп тургандай видео койгон болчу.

10-февралда болсо Кремл оппозициячыл лидерге карата бейбаштык аракеттерин айыптаган, бирок, муну Чеченстандын жетекчилиги менен байланыштырбоо керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG