Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Лейлек районунда жаңы аким шайланды


Баткен облусундагы Лейлек районунун акими болуп Баймурат Бекмуратов шайланды. Акимчиликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүнкү шайлоого жергиликтүү кеңештердеги 213 депутат катышып, алардын 123ү Бекмуратовдун талапкерлигин колдошту. Дагы бир талапкер Жамалдин Эшанкуловго 90 добуш берилген.

Алгач районду башкаруу ниетин үч талапкер билдирген, кийин бирөө арызын кайтарып алган.

Жаңы шайланган аким Баймурат Бекмуратов буга чейин Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган.

2011-жылдан бери районду башкарган Тилеберди Арипов өткөн жылдын соңунда өз арызы менен кызматтан бошогон. (JsA)

XS
SM
MD
LG