Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Атамбаев биометрикалык маалыматын тапшырды


Атамбаевдин биометрикалык маалыматын тапшырып жаткан учуру.
Атамбаевдин биометрикалык маалыматын тапшырып жаткан учуру.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн биометрикалык маалыматын тапшырды. Президенттин жарандык милдетин аткарышы - анын өздүк маалыматын бере электиги коомчулук арасында кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.

Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар өздөрүнүн биометрикалык каттоодон өткөн же өтпөгөнүн текшере турган порталды ишке киргизгенин маалымдаган. Бирок Shailoo.srs.kg сайты Атамбаев өнөктүккө катыша электигин ырастаган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан учурда Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Атамбаевдин өздүк каттоодон өтүп келгени тууралуу кабар таратты.

Биометрика тапшырбагандардын катарында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, ички иштер министри Мелис Турганбаев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, билим берүү жана илим министри Элвира Сариева жана башка бир катар аткаминерлер да бар.

Өкмөт жарандар өздүк маалыматтарын милдеттүү тапшыруусу зарылдыгын белгилеп келет. Атуулдарга үлгү болсун деп буга чейин бийлик башындагылар биометрикалык маалыматын тапшырганы тууралуу кабарланган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG