Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Балыкчы - Жалал-Абад жол жээгинен курулушка жол берилбейт


Өкмөттүн облустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков бүгүн өткөргөн кеңешмеде жолдун курулушу башталышы менен анын жээгинен жер алууга кызыккандар арбыганын билдирди. Бирок ал жол боюнан курулуш имараттарын курууга жер берилбей турганын айтты.

Анткени жол жээгине түшкөн курулуш экологияга зыян туудуруп, бак-дарактары жабыркатышы ыктымал.

Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы - Жалал-Абад жолунун курулушу кечээ башталган. Анын алгачкы фазасына Кытайдын Эксимбанкы 400 миллион доллар каражат бөлгөнү белгилүү. (YA)

XS
SM
MD
LG