Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

11 журналист 13-мартка чейин абакта калды


Сотто 5-февралда бөгөт чарасы каралган журналисттер.
Сотто 5-февралда бөгөт чарасы каралган журналисттер.

Бишкек шаардык соту 20 күн мурда чогуу кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, 13-мартка чейин абакта калтырды. Бишкек шаардык сотунун судьялары журналисттерди "камакка алуу мыйзамдуу жана чечим күчүндө калтырылсын" деген коендой окшош чечимдерди окуду.

6-февралда Бишкек шаардык соту “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековду жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

5-февралда сот залына колдоруна кишен салынып, бир нече аскердин кайтаруусунда келген журналисттер бир ооздон "сөз эркиндигине басым" болуп жатканын айтышты.

"Тергөөдө жомок токушуптур"

“ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков 6-февралда өткөн соттук отурумда Жогорку Кеңешке кайрылып, 11 журналисттин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Бул тууралуу ал Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда айтты.

“Жогорку Кеңештин кайдыгер эмес депутаттарына биздин иш боюнча депутаттык комиссия түзсө деп кайрылам. Анткени бул жерде күнөөсү жок адамдардын укуктары тебеленип жатат. Бул улана берсе, биз укуктук мамлекет болбой калабыз. Мисалы, мен жумуштан эки жыл мурда (ред: “Темиров LIVE” редакциясынан) кеткем. Ал эми иш 2023-жылдагы видео боюнча козголуп атат. Тергөөчүлөр эч кандай далили жок эле мага окшогон адамдарды камап жатат”, - деди ал.

Ага чейин, 5-февралдагы отурумда кылмыш ишине анын эч кандай тиешеси жок экенин кайталаган.

Тыныстан Асыпбеков.
Тыныстан Асыпбеков.

"Алдын ала эле белгилүү, баарыбызды камакта калтырат. Адамдын тагдыры оюнчук эмес. Баарыбызды камай бергидей бийликке душман эмеспиз. Эч кимге зыяныбыз жок. Мейли, тергөөчүлөр жомок токуп коюшсун, сот мыйзамды карашы керек болчу. Мындай башаламандык менен кете берсек укуктук мамлекетте жашайбыз деп кантип айтабыз", - деди журналист.

Ушул эле сотто "Темиров Live" каналынын мурдагы журналисти, "Алга медиа" каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун да кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Капаров өзүнө коюлган айыпты "абсурд" деп атады.

“Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиев үйүндө кичинекей балдары калганын, үй-бүлөсүн жалгыз багарын белгилеп, соттон үй камагына чыгарууну суранды.

"Бизге токулган жомок «илгери, илгери өткөн заманда 11 баштуу желмогуз болуптур» дегендей эле башталат. Мындай жомоктор, фантастикалык чыгармалар дагы улана бере турган болсо ушул жерде турган журналисттер, эл, силерди да меникиндей тагдыр күтүп калышы мүмкүн. Бирок, бекем болгула!" - деди Султаналиев.

Сайпидин Султаналиев жана Максат Тажыбек уулу. 5-февраль, 2024-жыл.
Сайпидин Султаналиев жана Максат Тажыбек уулу. 5-февраль, 2024-жыл.

Темир тор артындагы дагы бир журналист Жоодар Бузумов эмне үчүн камакта отурганын түшүнбөй жатканын айтып, суроо салды.

“Биз журналист катары коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып турган адамдарбыз. Биз бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөбүз. Анан каяктан эле “массалык башаламандык уюштура турган адамга” айланып калганыбызды түшүнө албай турам”, - деди сотто журналист.

Жоодар Бузумов, Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбеков. 5-февраль, 2024-жыл. Коллаж.
Жоодар Бузумов, Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбеков. 5-февраль, 2024-жыл. Коллаж.

5-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

“ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун, “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Эки журналисттин бөгөт чарасы 6-февралда каралып, алар 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалды. Камактагы журналисттердин сотуна алардын жакындары, кесиптештери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Сотко катышкан мамлекеттик айыптоочу абактагылардын кармалышы "мыйзамдуу болгонун" жана тергөө абагында калтырууну кайталап жатты.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди жана Акыл Орозбековду да камакта калтырган. Андан мурунку күнү сот “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееваны 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Бийлик журналисттерди "тарбиялап" жатабы?

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген болчу. Ал эми камакка алынган 11 жаранды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деп атаган.

29-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусуна катышканда 11 журналистти бийлик "тарбиялоо" үчүн камаганын айткан.

"Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар "бала баладай, башы-көзү чарадай". Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет бул - тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу", - деген Байсалов.

Анткен менен коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасында бийликке сын айткандардын камакка алууну "акылга сыйбаган иш" деп жазды.

"Бийликке сын айтуу, бийлик түзүмдөрүнүн катачылыктарын, калпыс же кыянатчылык иштерин ашкерелөө бийликтин кадырын түшүрөт, бул болсо башаламандыкка алып келүүсү мүмкүн деп "бийликке сын-пикир" айтууну "башаламандыкка чакыруу" деп теңдештирип салуу, ушуга таянып камакка алуу - акылга сыйбай турган иш, чынын айтканда", - деп жазды Каптагаев.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин эркин журналисттерди тезинен абактан бошотууга чакырууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG