Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Камалган 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды


Камактагы 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.
Камактагы 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

16-январь күнү кармалып, камакка алынган 11 журналисттин жакындары президентке, башкы прокурорго, Жогорку Соттун, Жогорку Кеңештин төрагаларына, Акыйкатчыга жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчисине кайрылуу жолдошту.

24-январда жарыяланган кайрылууда "массалык баш аламандыкты уюштуруу" иши боюнча шек саналып, эки айга тергөө абагына камалган 11 журналист сот чечими чыкканына карабай, милициянын убактылуу камоочу жайында кармалып турушканына нааразылык жазылган.

"Биздин балдарыбыз, жолдошторубуз, туугандарыбыз - жалпысынан камакка алынган 11 журналист, эч качан массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан эмес. Алардын 11и тең журналист катары социалдык, экономикалык жана коррупциялык маселелерди гана чагылдырып, кыргыз элине чын ниети менен кызмат кылып келишкен. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча конструктивдүү ой-пикирлерди айтып, маалымат каражаттары аркылуу көтөрүп келишкен. Алардын ар бири кыргыз элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриот уул-кыздар", - деп жазылган анда.

Камактагылардын ар биринин карамагында оорулуу же кары-картаң ата-энелери, жаш балдары (арасында майыптыгы барлары) бар экени, өздөрүнүн да ден соолугу начар экени белгиленип, аларды үй камагына чыгарып берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн өтүнүшкөн.

Кайрылуу ээлери президент Садыр Жапаров президеттик шайлоого катышып жатып, журналисттердин коопсуздугун жана сөз эркиндиги сактоого убада бергенин да эске салышкан.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG