Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Тазабек Икрамов ЖМКларга эмес, фейк-аккаунттарга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун ордуна интернет айдыңындагы фейк-аккаунттар менен күрөшүүнү жолго салууну сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу 30-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Ал мыйзам бузган же туура эмес маалымат тараткан жалпыга маалымдоо каражаттарына чара көрүүгө азыркы мыйзамдар жетиштүү экенин, “ЖМКлар жөнүндө” жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы добуш бере турганын белгиледи.

“Мен жөнүндө дагы бир топ каралоо, уят кылайын деген маалыматтар болду. Бул маалымат сайттардан чыккан жок. Бул социалдык тармактарда жүзүн жашырган фейк-аккаунттардан тарады. Ошого биринчи фейк маалыматтарды тараткандар менен күрөшсөк”, - деди Тазабек Икрамов.

Депутат жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсүнө тоскоолдук жарата турчу чаралар бар экенин белгилеп, мындай документти кабыл алууда шашпоого чакырды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов фейк-аккаунттар жана туура эмес маалыматтар менен күрөшүү үчүн өзүнчө мыйзам иштеп жатканын тактады.

Министр сөз кылган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Бул документ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечими жок жаап салууга укук берет.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору буга чейин парламенттин үч комитетинде каралбай, күн тартибинен алынган. Буга депутаттардын мыйзам долбоору боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өзү жооп беришин талап кылганы себеп болгон.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттоо үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG