Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Орусия - Украина: Кезек газ согушуна келди


Киевдин жанындагы газ станциядан көрүнүш.
Киевдин жанындагы газ станциядан көрүнүш.

Орусиянын Украинага газ берүүнү токтотушу менен эки өлкөнүн көгүлтүр отко байланышкан талашы жаңы баскычка чыкты. Тараптардын бул жолку газ чатагы эки ортодо олуттуу саясий пикир-келишпестик өкүм сүрүп турган учурга туш келүүдө.

Орусиядан Украинаны көздөй кеткен көгүлтүр от эки тараптын карыз жана баа боюнча бир нече күндөн берки сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаган соң, кечээ эртең мененден тарта токтотулду.

Соңку сүйлөшүүлөр Еврокомиссиянын энергия иштери боюнча комиссары Гүнтөр Эттингердин ортомчулугу астында өткөн эле. Еврокомиссия жарыялагандай, Брюсселдин жогорку даражалуу чабарманы талашты чечүү боюнча өз планын сунуш кылган.

Ага ылайык, Киев газ боюнча карызынын 1 миллиард долларын 16-июнга карата төлөп бермек, калган бөлүгүнөн жыл аягына чейин кутулмак. Москва болсо 1 миллиард 950 миллион доллар өлчөмүндөгү карыз ушул дүйшөмбүгө карата төлөнүүсүн талап кылган.

Еврокомиссиянын планы Киев көгүлтүр оттун 1000 куб метри үчүн кышкысын 385 доллар, жайкысын 300 доллардан төлөөсүн сунуш кылган. Орус президенти Путин болсо акыркы жана өзгөргүс баа катары 385 долларды атаган.

Бирок Украинанын азыркы бийликтери Орусиянын газ баасы боюнча туруму кабыл алынгыс деп эсептейт. Премьер-министр Арсений Яценюк дүйшөмбү күнү өкмөттүн жыйынында буларды айтты
- Бул жерде сөз газ тууралуу жүргөн жок. Бул - Орусиянын Украинаны жок кылуу боюнча жалпы планынын бир бөлүгү. Бул - орус агрессиясынын Украинанын көз карандысыздыгына каршы дагы бир кадамы. Биз “Газпромду” субсидиялай албайбыз. Украиналыктар Орусия курал, танк, учак сатып алып, Украина аймагын бомбалоосу үчүн жылына чөнтөгүнөн 5 миллиард доллар чыгара албайт.

Арсений Яценюк бул сөздөрдү Орусия Украинандан газ боюнча жалпы көлөмү 4,5 миллиард доллар келген карызды өндүрүү үчүн Стокгольмдогу арбитраждык сотко доо арыз жолдогонун жарыялагандан кийин айтты.

“Газпромдун” ырастоосунда, бул карыздын 3 миллиарды быйылкы жылдын, 1,5 миллиарды былтыркы жылдын эсебинен топтолгон. Былтыр декабрда Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Еврошаркет менен ассоциация келишимине кол койбой, өлкөдө толкундоолор башталган кезде Орусия газ баасын 400 доллардан 268,5 жарым долларга түшүргөн.

Бирок быйыл февралда Янукович президенттиктен оодарылып, жаңы бийлик келгенде кайра бааны кымбаттатып, 485 долларга чейин чыгарган жана бул - Европадагы эң кымбат баа.

Москва өз тарабынан газ боюнча да кепке келбегени үчүн Киевди айыптоодо. Орустардын энергетика министри Александр Новак кечээ Москвадагы басма сөз жыйынында буларды айтты:
Энергетика министри Александр Новак жана "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер. 16-июнь, 2014-жыл, Москва.
Энергетика министри Александр Новак жана "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер. 16-июнь, 2014-жыл, Москва.
- Биз сунуштаган макулдашууну украин тарап толугу менен четке какты. Биздин көз карашта украин тарап сүйлөшүүлөрдүн башынан тарта эле конструктивдүү эмес болду. Иш жүзүндө бизде компромисттик чечимдерди талкуулагыдай мүмкүнчүлүк жаралбады. Украин тарап бир гана турумду карманды, эч негиздемеси жок бааны карманды.

Баа жана карыз чатагынан улам Орусия Украинага газды өчүргөн учурлар буга дейре да кездешкен. 2008-2009-жылдын кыш айларында мындан улам Европадагы керектөөчүлөргө газ жетпей калган. Анткени Орусиянын Европага газ транзитинин 15 пайызы Украинанын куурлары аркылуу өтөт.

Бирок азыркы жай мезгилиндеги кризистен Европа зыян тартпасын эки тарап тең айтууда. Украиндердин “Нафтогаз” компаниясынын ырастоосунда, алардын кампаларында көгүлтүр оттун декабрга чейин жеткидей кору бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG