Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Чоң жети Орусияны жаңы санкциялар менен коркутту


Европа кеңешинин штаб-квартирасындагы чоң жетинин желектери. Брюссел, 4-июнь, 2014-жыл.
Европа кеңешинин штаб-квартирасындагы чоң жетинин желектери. Брюссел, 4-июнь, 2014-жыл.

Чоң жетинин өлкөлөрү Брюсселдеги саммитин улантууда. Анда үстөмдүк кылган маселе - украин кризиси.

Саммиттин кечээги олтуруму артынан жарыяланган билдирүүдө Орусия Украинанын “суверенитетин бузуу уланып жатканы” үчүн айыпталды, эгер жылыш болбосо Чоң жети Москвага каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизүүгө даяр экени айтылды.

Чоң жетинин 4-июндун түнүндө чыккан билдирүүсүндө “Орусиянын Крымды мыйзамсыз аннексиялоосу, Украинанын чыгышындагы кырдаалды дестабилдештирүү боюнча аракеттери кабыл алынгыс жана ал токтошу керек. Бул аракеттер эл аралык мыйзамдын фундаменталдык принциптерин бузат”, - деп айтылат.

Чоң жети ошондой эле Орусияны Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанууга, чек арадан аскерлерин алып кетүүгө, Украинага курал жана согушкерлер киришин токтотууга үндөдү.

Немец канцлери Ангела Меркел саммиттин учурундагы сөздөрүндө:

- Биз кандайдыр бир прогресс бар-жогун кайра-кайра текшеребиз. Чыгыш Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү, тилекке каршы, акыркы күндөрү катуу кетип жатат. Биз орус президенти Путин менен Нормандиядагы салтанаттар учурдагы кездешүүбүздө ага бирдиктүү позициябызды жеткиребиз. Бизде Украина боюнча макулдашылган позиция дайыма болгон. Азыр Орусиянын өз тарабынан кырдаалды стабилдештирип, жөнгөрүү боюнча бир нерсе жасоосу маанилүү болуп турат.

Чоң жетиде Орусияга каршы чаралар боюнча бирдиктүү позиция барбы деген маселе азыркы саммиттин алдында да көтөрүлгөн эле. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдттин айтымында, буга Орусиянын Чоң жетинин айрым өлкөлөрү менен эки тараптуу алакалары тоскоолдук кылып жатат.

Француз президенти Франсуа Олланддын ырастоосунда, Чоң жетинин жыйыны Орусияны Украинадагы кырдаалды стабилдештирүүгө жардам берүүгө чакыруу, ошол кезекте оң жылыш болбосо жаңы санкциялар күн тартибинде турганын эскертүү менен өз биримдигин көрсөттү:

- Эгер биздин чечүүбүздү талап кылган маселелер боюнча прогресске жетише албасак, санкциялардын үчүнчү фазасы күн тартибинде турат. Анткени, биз Украинадагы кырдаал мындан ары да дестабилдешүүсүнө жол бере албайбыз.

Өзү Чоң сегиздин саммитин быйыл Сочиде Орусия тосмок. Бирок Москва Крымды аннексиялагандан кийин Батыш лидерлери бул форматта Орусиянын аралашуусу менен жыйын курбай турганын жарыялашкан. Башкача айтканда, Орусия Чоң сегиздин тобунан чыгып калды. Брюсселге өнүккөн жети өлкөнүн гана лидерлери жыйналды.

Бирок орус президенти Путиндин алдыдагы күндөрү Францияда Экинчи дүйнөлүк согушка АКШ, Канада, Британия күчтөрүнүн кошулушунун 70 жылдыгын белгилөө салтанаттарынын алкагында немец канцлери Ангела Меркел, француз президенти Франсуа Олланд, британ өкмөт башчысы Девид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрү мерчемделген. Путин Францияга сапарын утурлай француз журналисттерине берген интервьюсунда Украинадагы кырдаал үчүн Батыштын өзүн күнөөлөдү:

- Биз менен бул талашты легитимдүү жана дипломатиялык ыкмалар менен уланткандын ордуна, биздин Европадагы, АКШдагы достор бийликтин антиконститутциялык жол жана курал менен алынышын колдоду. Дал ушул нерсе болду. Бул кризисти биз жараткан жокпуз. Биз окуялардын ушундайча өнүгүүсүнө каршы турганбыз.

Францияга баруу Путиндин Батышка Крым аннексиялангандан кийинки алгачкы сапары болот. Француз журналисттерине берген интервьюсунда Путин Франциядагы салтанатка келген лидерлердин кимиси болсо да, анын ичинде Украинанын шайланган президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүдөн качпай турганын айткан.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Францияда АКШ жана Орусия презденттеринин көзмө-көз сүйлөшүүлөрү каралган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG