Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Илим дүйнөсү: Күндө кубулуп турчу акылдуу терезе, Күндү малай кылган электр унаасы ж.б.


Акылдуу уюкфон турмуш-тиричиликтин бир бөлүгүнө айланды.
Акылдуу уюкфон турмуш-тиричиликтин бир бөлүгүнө айланды.

Жаңы байланыш технологиясы. Ультракызгылт нурдан коргоочу терезе. Күн кубатына жүрчү туңгуч электр унаасы. Оорукчан генди алып салууга дагы бир кадам жасалды.

Уюлдук, сателлиттик жана интернет байланышы жок иштетчү жаңы технология. Адамды ультра-кызгылт нурдан коргоочу акылман терезе. Күн нурунун кубаты менен иштеген биринчи электромобиль. Оорукчан генди алып салууга дагы бир кадам жасалды. Мына ушул темалар "Илим дүйнөсү" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында баяндалат.

Смартфонго жаншерик Sonnet

Cмартфонду (санариптик акылдуу уюкфонду) уюлдук, сателлиттик (жасалма жандоочулук, б.а. спутниктик) жана интернет байланышы жок кырдаалда иштетүүгө мүмкүндүк ачкан жаңы технология сунушталууда.

Смартфон - чоңдугу ширеңкедей чакан Sonnet деп аталган аппаратты пайдаланып, куш кабар (мессиж) жана сүрөт жиберип, кайра кабыл алса болот. Береги жабдуусу бар адамга GPS же навигатордун кереги жок. Мындай санариптик дуплекстик радиостанцияны Торонто шаарындагы (Канада) Sonnet Lab компаниясы жасады.

Sonnet системасы шаар шартында 1,5 км, тегиз жерде 5 км жана дөң жерде 10 км аралыктагы адам менен байланышууну мүмкүн кылат. Анын корпусундагы литий полимер батареясы 24 саат тынымсыз иштегенге жетет, аны менен уюкфондун (жөнөкөй тил менен айтканда: чөнтөк телефондун) чогултулган электр кубатын толуктап (заряддап) алса да болот.

Смартфон менен радиостанция атайын кабелсиз же зымсыз технология аркылуу байланышат. Радиостанциянын ишин башкарчу атайын тиркеменин жардамы менен оозеки дубай-саламды, куш тилиндей кыска катты, графикалык жана башка маалыматтарды жиберүү мүмкүн. Бул маалыматтарды Sonnet жабдуусу бар жана биринчи телефондун радио берүүчү аппаратынын радиусунда иштеген экинчи уюлдук телефон кабылдайт. Берилчү бардык маалымат стандарттык AES алгоритми аркылуу шифр менен жазылат.

Sonnet - уюлдук байланыштын сигналы жок кырдаалда же уюлдук байланыш түйүндөрү адамдар көп болгондон улам бошобой жаткан учурда иштей баштайт. Аны табигый же техногендик кырсык болгон жайда кошумча (резервдик) байланыш аргасы катары колдонуу мүмкүн.

Мындай учурда ар бир Sonnet аспабы маалыматты уюлдук байланыш же Wi-Fi бар зонадагы телефон кабыл алмайын, улам бири-бирине берип, автономдук режимде иштейт. Ээси кандайдын бир кокустукка кабылса, системада “SOS” сигналын жана ал жердин координатын өз диапазонунда бере баштачу жабдыгы да бар. Ошон үчүн “Эрме чөлдө калган авантюристтердин жанында Sonnet болсо, катаал шартка карабай, алар бири-бири менен сүйлөшө беришет. Бул ар кандай табигый кырсыкка кабылган үй-бүлөлөр үчүн да абдан керектүү буюм”, - дейт Sonnet Labs компаниясынын маркетинг боюнча мүдүрү Рэндольф Гиоро (Randolf Gioro).

Sonnet системасы менен Sonnet App тиркемесинин ар бири 45 доллар турат. Кеңири сатыкка үстүбүздөгү жылдын төртүнчү чейрегинде чыгат деп мерчемделген.

(Булагы: https://macsources.com, http://www.electricbikeaction.com)

Күндө кубулуп турчу акылдуу терезе

Ден соолукка зыяндуу ультра-кызгылт нурларды жана ашыкча ысыкты өзүнөн өткөрбөө үчүн өңүн өзгөртүп, түнөрүп калчу терезе жасалды. Акылдуу терезени АКШдагы Принстон университетинин изилдөөчүлөрү ойлоп табышты.

Интеллектуалдык терезе Күн нуру бөлгөн кубатты (энергияны) жыйноо үчүн тунук күн батареясын пайдаланат. Аз гана электр тогуна түсү кадимки тунуктан көк түскө чейин кубулуп турчу акылдуу терезе электрохромдуу материалдардан жасалган.

Ток терезеге майдаланган гексабензокороненден (cHBC) даярдалган жана айрым диапозондогу узун толкундарды өзүнө сиңирип алчу күн элементтеринен келет. Алдагы бардык системаны кадимки айнектин бетине жабыштырып койчу кылдай ичке пленкага орнотуп койсо болот. Күн элементтеринин да түсү тунук болгондуктан, айнектен эч айырмаланбайт жана терезе менен кошо хамеолеондой өңү-түсүн өзгөртүп турат. Муну адистер Күндүн бардык спектрин (Күндүн нуру бөлгөн түрдүү түстөгү нурлардан жаралган тасма) акылдуу башкаруу деп аташты.

Күн толкуну ар кандай узундуктагы жарык чачат. Ультра-кызыл нурлар Жер планетасын ысытат жана ага жарык берет. Ал эми ультра-кызгылт нурлар чоң өлчөмдө түшсө, кишинин саламаттыгы үчүн кесепетин тийгизет.

"Бул жаңы технологияны - Күндүн жарыгынын бардык спектрин акылдуу башкаруу деп атаса болот. Ультра-кызгылтым жарыкты берегидей терезелерге ток берүү үчүн пайдалануунун өзү күн элементтери тунук болуп, терезе менен кошо түсүн өзгөртүп туруусу мүмкүн экенин билдирет", - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Юэлин Лу (Yueh-Lin Loo).

Буга чейинки кээ бир системалар тышкы кубат булактарын пайдаланса, башкалары инфра-кызыл спектрдеги кубатты өзүнө топтоп алчу. Ошентип, ал Күндүн нуру менен кошо келген жарыктын бир бөлүгүн өзүнө сиңирип, үйдү жылытуу үчүн зарыл жылуулукту азайтып коёт.

АКШнын Принстон университетинин окумуштуулары ойлоп тапкан система караңгыда жарыкты 80 % чейин өткөрбөй коюшу ыктымал. Алар келечекте терезенин бетинде көрсө боло тургандай акылдуу фильмди жасоону ойлонуштурушууда. Смарт-фильмди көрүп жатканда терезенин түсүн смартфон аркылуу өзгөртүүгө мүмкүн болот. Береги системаны чакан приборлорду башкаруу үчүн автомобилдердин терезелеринде да пайдалануу мүмкүн.

"Кимдир бирөөлөр өз үйүндө же батиринде отуруп эле зымсыз интеллектуалдуу ламинат терезелерди пайдалана алат. Анын негизи чапташчаак болгондуктан, терезенин ички бөлүгүнө жабыштырып койсо болот. Сиз минтип Күндүн үйүңүзгө кирген жарыгын смартфонуңуздун жардамы менен көзөмөлдөп тура аласыз. Ошентип электр кубатын пайдалануунун натыйжалуулугун, комфортту жана бөлмөнүн купуялыгын жакшыртасыз", - дейт изилдөөнүн жетекчиси Николас Дэйви (Nicholas Davy).

(Булагы: https://www.nature.com, http://newatlas.com, http://www.technology.org)

Sion - Күн кубатын колдонуп иштеген аз сериядагы электромобилдердин туңгучу

Германиянын Sono Motors компаниясынын билдиришинче, Sion электромобили жалаң Күндүн нурунун кубатын пайдаланып, бир күндө 30 км жүрөт.

Мюнхен шаарында жайгашкан бул компаниянын максаты - күйүүчү май жакпаган жана абага зыяндуу зат бөлбөй жүрүүчү автокөлүктү өндүрүүгө жетишүү. Андай электр көлүктү жасоо үчүн Sono Motors былтыр 200 миң доллар чогулткан.

Электр көлүктүн чатыры, эки капталы, капоту жана арт жагы күн батареясынын өз ара туташ 330 фотогальваникалык элементи менен капталган. Күн панелдери (батареялары), компаниянын ырасташынча, поликарбонаттан жасалгандыктан, оңой менен сынбайт же иштен чыкпайт.

Күн ачык болсо, береги панелдер электр көлүктүн аккумуляторуна күн сайын кошумча дагы 30 чакырым бекер жүргөнгө жетерлик кубат берет. Анын аккумулятору эки версияда: 14,4 киловатт-сааттыгы (kWh) - 80 чакырым, ал эми 30 киловатт-саатыгы (kWh) - 193 чакырым аралыкка жетет.

Беш орундуу Sion электр көлүгү өзү 16 000 евро (18,000 доллар), ал эми аккумулятору болсо 4 000 евро (4,500 доллар) турат. Аккумулятору станцияда 40 мүнөттө 80% заряддалат. Аны күндүн табы менен заряддаганга 12 саат чамалуу убакыт кетет. Эгер Sion электр көлүгү менен жумушка келип, күнгө калтырып койсоңуз, жумуштан кийин аккумуляторуңуз өзү толукталып калат.

Sion электр көлүгүнүн дагы бир артыкчылыгы: ал өзүндөгү кубатты электр түйүнүнө бере алгандыктан, кокустан электр агыны жок болуп калчу болсо (маселен, капысынан үйдө электр жарыгы өчсө), тиешелүү турак жай үчүн кошумча электр кубатынын булагы катары кызмат кыла алат.

Sono Motors компаниясына Күндүн кубаты менен иштеген электр көлүктү сатыкка чыгара баштоо үчүн 5000 кардардан буйрутма болуш керек. Азыр 2 000 кардар алдын ала акчасын төлөгөн. Деген менен компаниянын жетекчилиги 2019-жылы Sion жасаган электр көлүктөрү Германияда кеңири сатылат деп пландоодо.

(Булагы: https://cleantechnica.com, http://www.thedrive.com)

Генди дарылоого дагы бир кадам

Адамдын эмбрионундагы ДНКдагы ооруунун өнүгүүсү үчүн жооптуу жана мутация болгон ген операция жолу аркылуу таза ген менен алмаштырылды.

Бул операция дүйнөдө биринчи жолу АКШ, Кытай жана Түштүк Кореянын илимпоздору тарабынан биргелешип жасалды. Алар CRISPR/Cas9 геномун редакциялоочу инструментти пайдаланып, гипертрофиялык кардиомиопатия (ГКМП) илдетин жаратчу мутация болгон генди кесип салышты.

ГКМП - жүрөк оорусу. Ага чалдыккан адамдын сол карынынын ички бети (капталы), кээде оң карынынын ички бети жооноюп кетет. Ал капылет өлүмдүн себепчиси болушу этимал. 2004-жылы көрүнүктүү мажар футболчусу Миклош Фехер береги илдеттен улам футбол майданында жан берген.

ГКМП илдети 40% учурда MYBPC3 гениндеги “катадан” улам жаралат. MYBPC3 булчуңдардын тартылуусун жана бошоңдоосун жөндөп турууга катышуучу миозиндерди байланыштырчу сигналды код менен жиберген жүрөктөгү белок. Эгер гендин бир эле көчүрмөсү зак жеп (бузулууга учурап) калса, анда айтылган коркунучтуу оору өнүгө башташы ыктымал. MYBPC3 жүрөктүн булчуң клеткаларындагы жүрөк кан тамыр миозинин байланыштырчу С белогун жаратууга тапшырма берет.

Эксперимент үчүн MYBPC3 генинде төрт жуп нуклеоиди жок сперматозоид колдонулган. Берегидей сперматозоид гипертрофиялык кардиомиопатияны пайда кылат. Анан сперматозоид менен уруктандырылган соо жумуртка клеткаларына эркектин ДНКсынан кесип алынган жана мутацияга кабылган гендин CRISPR/Cas9 комплекси киргизилди. Ал эми ДНКнын түйүлдүгүндөгү бузулган (ката) MYBPC3 гени соо (туура) ген менен алмаштырылган.

Алмаштыруулардын 72% ийгиликтүү болгон. Бир да жолу ДНКнын башка бөлүктөрүндө CRISPR/Cas9 комплексинин MYBPC3 генине тиешеси жок кыйыр, терс натыйжа байкалган эмес. Ошондой эле химеризация кубулушу да катталбаган. Түйүлдүк нормалдуу өнүккөнүнө карабай, этикалык жүйөөдөн улам бул эксперимент токтотулган.

Топтолгон маалыматтар геномду редакциялоонун аспабы болгон CRISPR/Cas9 комплекси жана башка колдонуудагы ушуга окшош усулдарга ишенимди артырат. Бирок, азырынча береги усулду коркунучтуу мутацияларды жок кылуу (алып салуу) үчүн натыйжалуу колдонуу жагы арсар абалда.

CRISPR/Cas9 геномун редакциялоонун жолу 2012-жылы сунуш этилген. Бул технология комплекси бактериянын клеткасына кирген вирусту табуу жөндөмүнө таянат. Эгер бактериянын ДНКсында вирустун фрагменттери сакталган болсо, анда клеткага илдет жукпоосу үчүн ал фрагмент жок кылынат.

(Булагы: https://www.nature.com, http://www.crisprupdate.com, https://www.sciencedaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG