Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:35

HRW: Орусияда кумсалар менен мигранттар кодуланууда


Кумсалардын укугун коргоочулар менен христиан активисттеринин кагылышуусу. 11-июнь, 2013-жыл
Кумсалардын укугун коргоочулар менен христиан активисттеринин кагылышуусу. 11-июнь, 2013-жыл

АКШда жайгашкан укук коргоочу уюм Орусиядагы кырдаалды сынга алды. "Хьюман Райтс Уотч" уюму бул өлкөдө өкмөткө сын айткандарды кысымга алуу 2013-жылы да улангандыгын эскертет.

"Хьюман Райтс Уотч" 24-жылдык отчетунда Орусияда бийликтин саясий атаандаштарын куугунтуктоо 2012-жылы башталып, былтыр да улангандыгын белгилейт. Орусияда былтыр «чет элдик тыңчыларга» каршы мыйзам кабыл алынып, анын аркасы менен бүт өлкө боюнча бейөкмөт уюмдарды текшерүү өнөктүгү жүргүзүлдү.

"Хюман Райтс Уотчтун" Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Рейчел Денбер "Азаттыкка" Москвадан билдиргендей, дал ушул өнөктүк Орусиядагы былтыркы укук бузуулардын эң олуттуусу болуп калды:

- Өкмөттү сындагандарга каршы иш-аракеттер Путин Кремлге 2012-жылы кайтып келгенде башталып, кийинки жылы да уланды. Анын ичинде болуп көрбөгөндөй кеңири масштабдагы бейөкмөт уюмдарды текшерүүлөр, алардын «чет элдик тыңчыбыз» деп катталбаганы үчүн соттолушу менен катар, жыл бою өкмөттү сындагандарды жана экологдорду камакка алып жатышты.

Сексуалдык азчылыктын өкүлү "Көгүлтүр беретчилер" тарабынан ур-токмокко алынууда. 2-август, 2013-жыл
Сексуалдык азчылыктын өкүлү "Көгүлтүр беретчилер" тарабынан ур-токмокко алынууда. 2-август, 2013-жыл
Денбердин сөзү боюнча, балдарга гомосексуалдык үгүттөөнү жайылтууга тыюу салган мыйзам маалымат каражаттарында кумсаларга каршы маанайды козуткан материалдар менен коштолуп, бир эле мезгилде мындай адамдарга кол салуулар күчөдү.

Документте мындан тышкары былтыр мигранттарга каршы зомбулук өскөнү да айтылат. "Бир эле мезгилде бийлик өкүлдөрү антимигранттык, расистик риториканы укса да, укмаксан болуп келишти",- деп жазылган анда.

Рейчел Денбердин сөзүнө ылайык, орус өкмөтүнүн мындай саясаты коомдук пикирди бул топторго каршы койду:

- Өкмөт мына ушул үч кеңири багытта: чет элдик тыңчыларга, мигранттарга жана кумса, лесбиян, трансген, бисексуалдарга каршы коомдук өнөктүк жүргүзүп келди. Дал ушул топторго каршы коомдук пикир түзүүгө дитин койду.

Орусия тууралуу бөлүмүндө "Хюман Райтс Уотч" уюму мурдагы мунай олигархы Михаил Ходорковскийдин, «Пусси Райот» панк-тобунун мүчөлөрүнүн, Гринпистин активисттеринин жыл этегинде бошотулушу кырдаалдын жакшырышына салым кошо албаганын белгилейт.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар
Денбер бул бошотуулар алдыңкы айда Сочиде өткөнү жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын алдында эл аралык кысымды жеңилдетүү максатын көздөгөнүн белгилейт.

Отчетто ошондой эле, Путин Ходорковскийге кечирим бергенден бир нече сааттан кийин, Орусиянын түштүгүндө сот активист Евгений Витишкону үч жылга колонияга кескени айтылат. Витишко Сочи оюндары үчүн спорт сарайларын жана мейманкана, жатак жайларын куруудан айлана-чөйрөгө келтирилген зыян тууралуу айтып чыккандыгы менен таанылган.

Дээлик 700 беттен турган Дүйнөлүк отчетунда "Хюман Райтс Уотч" 90дон ашык өлкөдөгү адам укуктарынын абалын анализдеген. Анда Сирияда президент Башар ал-Асаддын режими тарабынан карапайым элдин кырылышы боюнча дүйнө лидерлери дээрлик чара көрбөгөнү айтылат. Документте мындан тышкары АКШнын мурдагы коопсуздук кызматкери Эдвард Сноудендин америкалык тыңчылык программалары боюнча жарыялаган материалдары «дүйнөнү дүңгүрөткөнү» белгиленет.

XS
SM
MD
LG