Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Ходорковский: Орусияда саясий айыпкерлер көп


Михаил Ходорковский Берлиндеги басма сөз жыйында. 22-декабрь, 2013-жыл.
Михаил Ходорковский Берлиндеги басма сөз жыйында. 22-декабрь, 2013-жыл.
Мурдагы мунай олигархы бул тууралуу Берлинден, абактан чыккандан кийинки алгачкы пресс-конференциясында билдирди. Басма сөз жыйыны Берлин дубалы музейинде өттү.

Михаил Ходорковскийдин пикиринде, анын бошонушу менен Орусияда саясий айыпкерлер калган жок деп эсептелбеши керек. Орусияда али саясий айыпкерлер көп жана ал өзү алардын санынын азайышы үчүн күрөш жүргүзөт.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Ходорковский анын мөөнөтүнөн мурда бошонуусу үчүн күнөөнү моюнга алуу тууралуу шарт коюлбаганын, эртеби же кечпи өзүнүн бошотулушу тууралуу маселени президент Владимир Путин гана чече турганын билгенин белгиледи. Ходорковскийдин айтымында, ал саясатка жана бизнеске барбайт, мурдагы ЮКОС компаниясынын активдерин талашып күрөшпөйт. Бирок ал ЮКОСтун иши боюнча айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгаруу боюнча иштер улантыларын билдирди.

Ходорковский азырынча Орусияга кайта албасын айтты. Анткени кайтып барса кайта өлкөдөн чыгып кете аларына кепилдик жок. Бул үчүн ЮКОСтун биринчи иши боюнча 550 миллион доллар өлчөмүндөгү соттук доо жабылышы керек. Ходорковский белгилегендей, эгер ошол доо учурда иш каралып жаткан Орусия Жогорку Сотунун чечими менен алынса, ал муну “Орусияга келе алуусун көргөзгөн жетиштүү белги” деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG