Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

NYT: "Манас" Пентагон үчүн баш оору болот


АКШнын коргоо министри Леон Панетта "Манастагы" транзиттик борбордо, Бишкек, 13-март, 2012.
АКШнын коргоо министри Леон Панетта "Манастагы" транзиттик борбордо, Бишкек, 13-март, 2012.

АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын шейшембиде Кыргызстанга сапары эртеси күнү Батыштагы бир топ ири басылмаларда жазылды.

Пентагондун мурдагы жетекчиси, азыр АКШнын коргоо министри Леон Панетта “Манас” транзиттик борборун ооган согушу бүткөндөн кийин да калтырууга жетишиш үчүн Бишкекке келген. Бул маанайдагы ишенимдүү билдирүүнү шаршембиде Associated Press маалымат агенттиги жазды.

Кабарда aйтылгандай, “Бул боюнча Кошмо Штаттары Кыргызстан менен узагыраак мөөнөткө эсептелген келишимге жетишкенге дагы эле мүмкүнчүлүк бар деп ишенет”, - дейт Панетта.

Ошол үчүн министр кыргыз жетекчилиги менен жолугушууда кайрадан эле бул транзиттик борбордун эки тарап үчүн тең опол тоодой маанисине, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда, келечекте коммерциялык максатта иштетилчү борбор катары мүмкүнчүлүгүнө басым жасайт деп күтүлгөн.

Ушул эле макалада айтылгандай, АКШ 2009-жылы кол коюлган келишим боюнча "Манас" транзиттик борборун пайдаланганы үчүн Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. Былтыр бир жыл ичинде бул борбор аркылуу Ооганстанды көздөй бараткан, же тескерисинче ал жактан кайтып келаткан 500000дей аскердик жүргүнчү өткөн. Ушул эле мезгил ичинде кеминде 4800 ирет атайын отун ташыган учак "Манастан" абага көтөрүлүп, асманда бараткан темир канаттуу унааларга кара май куюп толтурган.

АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү ушундай план менен Бишкекке жөнөгөнүн Associated France Press агенттиги да ушул эле күнкү макаласында жазды.

“Бирок Кыргызстандын коргонуу жаатындагы жетекчилиги “Манас” борбору боюнча азыркы келишим аягына чыккандан тарта ал аскерий эмес, жарандык гана борборго айлана алат деп билдиришти. Бул 2014-жылдын этегине чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан Американын планына тоскоолдук жаратат”, - деп жазат The New York Times.

Андан ары макаланын автору Элизабет Бумилер Ооганстандан он миңдеген аскерлерин АКШ башка жолдор менен чыгарса деле болоорун, бирок алар өтө эле кымбатка түшөөрүн, же учактардын коопсуздугу коркунучта калаарын айтты. Ушундан уламбы, айтор ал түзүлө турган кырдаал Пентагон үчүн чыныгы баш оорууну жаратаарын эскертти.

АКШнын коргоо министринин Бишкекке сапары жөнүндө жазган дээрлик бүт басылмалар Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин сунушун президент Атамбаевдин эле сөзү катары аташты. Алар да Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланаары менен эле бул база келишимдин мөөнөтү бүтөөр замат жабылышы керектигин айтып келатканын белгиленди.

“Washington Post” гезити болсо Панетта кыргыз министри жана коопсуздук катчысы менен жолугушууда президентке ыраазычылыгын билдирип коюшун суранганын жана Кыргызстандын жакында демократиялык шартта өткөн шайлоосун мактаганын жазды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG